Кыргызстанда кезектеги парламенттик коалиция таркап кетти. Бул эмнени билдирет? Анын натыйжалары кандай болот? Ал ар бир кыргызстандыкка канчалык таасир этет?
Өзү эмне болду?
Кыргыз парламенти болгон Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция тарап кетти. Буга президентти жактаган социал-демократтар (КСДП) фракциясы «Ата Мекен», «Өүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» менен түзүлгөн биримдиктен чыгып кеткени себеп болду.
Көпчүлүк коалиция деген эмне?
Шайлоодон кийин фракциялар — парламентке өткөн партиялар — өз ара сүйлөшүп, көпчүлүк депутаттар кирген бирикме түзүшөт. Ал бирикме парламенттик коалиция деп аталат. Коалицияны уюштуруу укугун президент өзү тандаган фракциянын бирине берет.
Фракциялардын биригиши мыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу үчүн зарыл, анткени мыйзам долбоорлорун колдош үчүн көпчүлүк (жок эле дегенде, 60+1) добуш керек.
Коалициянын таркашы эмнени билдирет?
Коалициянын ичиндеги депутаттардын ортосунда чатактар жана карама-каршылыктар келип чыкса, фракциялардын бири альянстан чыгып кетиши мүмкүн. Көбүнчө бул коалициянын таркашына алып келет. Анткени бирикменин негизги шарттарынын бири — анда депутаттардын жарымынан көбү болушу. Жогорку Кеңеште бардыгы болуп 120 депутат бар.
Бирок фракциялардын бири чыгып кетсе деле коалиция сакталып кала бере турган учурлар да кездешет. Мисалы, бирикмеде 90 депутат болсо, андан курамында 20 депутаты бар фракция чыгып кетсе ошондой болот. Анда коалиция 70 депутаты менен деле көпчүлүк статусун сактап кала берет.
Эми эмне болот?
Коалициянын таркап кетиши министрлердин баары кызматтан кетишине алып келет, алар жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин убактылуу аткарып турушат.
Эмне үчүн коалициянын ыдырашы өкмөттүн кызматтан кетиши менен байланыштуу?
Коалиция түзүлгөн соң өкмөттүн курамы жана түзүмү калыптанат — Кыргызстандагы аткаруу бийлиги кандай органдардан тураары, министрликтерди ким жетектей тургандыгы чечилет.
Парламенттеги ээлеген орундарынын санына жараша ар бир фракция өкмөттөгү кызмат орундарына өз талапкерлерин көрсөтөт. Шайлоодо партия канчалык көп добуш алса, ал ошончо көп кишисин министрлик кызматка дайындай алат.
Бул жөнөкөй кыргызстандыктын турмушуна кандай таасир этет?
Адатта коалициянын таркашы жана өкмөттүн кызматтан кетиши көпчүлүк кыргызстандыктардын турмушуна түздөн-түз таасирин деле тийгизбейт. Бирок тургундар анын натыйжаларын мисалы, жаңы өкмөт түзүлгөн соң сезиши мүмкүн. Парламент сиздин жашооңуздун кайсы бир бөлүгү үчүн жооп берген кандайдыр министрликти же мамлекеттик органды жоюп салышы ыктымал.
Мисалы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөттө бири социалдык өнүгүү, экинчиси калктын жумуштуулугу, миграция жана жаштар үчүн жооп берген эки министрлик биригип калган. Биригүүнүн натыйжасында жаңы министрликтин миграцияга байланышкан иш милдети жоголуп, мигранттарга жардам берүү боюнча аймактык борборлор таратылган.
Эми парламент кайра шайланабы?
Жок, шайлоо болбойт. Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоодо шайланып келген ошол эле партиялар отура беришет. Эми депутаттар өз ара кайрадан сүйлөшүп, жаңы коалиция, андан соң жаңы өкмөт түзүшөт.
Сүрөт: Sputnik.kg