Бутунан айрылган Оштун тургуну кантип таксист болуп калды?

Алтынбек Нурбаев Ошто үч жылдан бери таксист болуп иштейт. Ал жол кырсыгынан кийин бутунан айрылып калган соң биринчи жолу колуна руль кармаган.

Алтынбек мурда эч качан рулга отурган эмес — ал бутунан айрылганда гана биринчи жолу автоунаа айдаганды үйрөнгөн. Анын айтымында, бул анча деле кыйын болгон жок. Ал айдай баштаган автоунаа атайын буту жок адамдарга ылайыкташып жасалган.

«Адегенде 1-2 жолу айылдан айдап көрдүм, балдарды мектепке жеткирдим. Анан бир күнү: “Такси айдап көрбөймбү. Жок дегенде бензинге, балдарды мектепке жеткиргенге акча таап алам” деп ойлодум. Ошентип айдаганды үйрөнүп кеттим», — деди ал.

Беш жыл мурун Алтынбек автокырсыкка кабылып, натыйжада анын эки бутун тең кесип салышкан.

«Ар кандай ойлор келди. Мен баса албай калганыма көнүш кыйын болду. Төрт дубалдын ортосунда отура албай калдым. Үйдөн чыгып, кишилер менен сүйлөшкүм келди. Үй-бүлөмдү карап, балдарды багып, эч кимден акча сурабай жашаганды аябай кааладым», — дейт ал өткөн күнүн эстеп.

Анын короосунда атасынын автоунаасы бар эле, аны Алтынбек башкача кылып жасап алгысы келчү. Ошентип ал аны кайра жасап чыга турган уста издей баштады.

«Кайсы гана устаканаларда болгонум жок? Усталардын баары мен тапшырган ишти [автоунааны кол менен башкаргыдай кылып кайра жасап чыгууну] алгысы келген жок. Мен аны айдап баратып бир нерсе болсом ошого жооп берип калуудан коркушту окшойт. Ошентип эч ким албай койду», — дейт айдоочу.

Үч айдан кийин ал буту жок эле автоунаа айдап жүргөн айдоочуну кезиктирди. Анын автоунаасы ошентип айдаганга толук ылайыкташыптыр. Андан Алтынбек тиешелүү устанын чоо-жайын сурап билип алып, ишин табыштаганы барат.

Майыптар үчүн уста

Автоунааларды кайра жасап чыгууга адистешкен уста Амиржан Матанов өзү да бир кезде буту жок калып, Алтынбек сыяктуу эле жалгыздыкка жана айласы түгөнгөн абалга туш келген.

Ал дагы унаасын кайра жасап чыксам деген ойго келген. Амиржан башка усталар менен бирге өзүнүн эски «Запорожецин» кайра жасап чыгып, кол менен айдай баштаган.

«Мен кол менен башкаруунун принцибин түшүнүп алып, тапшырык ала баштадым. Алтынбектин машинесине чейин онго жакынын жасап чыккам», — деп түшүндүрдү Матанов.

Уста ушундай жол менен майып кишилердин коомдон алыстабай эркин жүрүшүнө өбөлгө түзүп, алардын маселесин чечкиси келгенин айтат.

«Азыр мага ишин бүтүргөндөр шаарда такси айдап жүрүшөт. Биз кошумча техникалык колдоо болмоюнча же бирөөлөр жардам бермейинче жыла албайбыз да. Бул болсо маселени чечүүнүн бир жолу», — дейт ал.

Жолдо өзгөчөлөр жок

Алтынбек рулда отурганда дайыма сак жүрөт. Ал колун тормоздон албай, айдап бараткан автоунаасын көзөмөлдө кармайт.

«Бул [оң] кол дайыма тормоздо. Ар кандай учурда ар кандай нерсе болуп кетиши мүмкүн. Балдар жолго чуркап чыгышы мүмкүн. Же кандайдыр жан-жаныбарлар чуркап чыкса дароо ушуну басам», — дейт айдоочу.

Айдоочулардын көпчүлүгү рулда майып айдоочу отурганын кабарлаган, автоунаанын арткы айнегиндеги белги менен эсептешпейт. Алтынбектин айтымында, башка айдоочулар ага көп кыйкырышат.

«Белгини байкаса деле баары бир сигнал берип, сөгүп, шаштырышат. Кээде кысып, жол бербей койгон учурлар болот. Негизинен карыган кишилер гана белгини көргөндө жол беришет. Көпчүлүгү андай эмес. Өз коопсуздугума өзүм кам көрөм», — дейт ал.

Видео: Дастан Үмөттегин, Арсений Мамашев