Парламент депутаттары Кыргызстанда жалпы элдик добуш берүүнүн жол-жобосун аныктаган «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.
Документти колдоп 89 депутат добуш берип, 15и каршы чыкты, мыйзам долбоору президент Алмазбек Атамбаевге кол коюуга жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоору референдум өткөрүүнүн жол-жобосун жеңилдетет. Эми жалпы элдик добуш берүү боюнча демилге көтөрүш үчүн зарыл болгон кол белгилердин саны 300 минден 10 миңге чейин азайды.
Андан тышкары, эми референдум демилгесин көтөрүү парламент тарабынан каралат.
Документтин иштелип бүткөн версиясы референдумду өткөрүш үчүн электрондук урналарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Сентябрда мыйзам долбоору депутаттардын ортосунда талаш-тартыш жараткан, анткени документ жол-жоболорду бузуу менен каралган. Анда «Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоого каршы чыгып, парламент комитетинин жыйынынан чыгып кеткен.
Ал референдум жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттар «ачыктан-ачык эле уят-сыйытсыз алып өтүүгө аракет кылып» жатышканын билдирген.
«Эгерде мыйзам бузулган болсо, анда эмнеге биз дегеле бул маселени карап жатабыз жана эмне үчүн силер аны добушка коюп жатасыңар? Эл баарын көрүп турат да. Депутаттар президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнө айланып калышты. Мен бул мыйзам долбооруна каршы чыкканым жок, мен жардам берейин эле деп атам. Мыйзам долбоорун жол-жобону бузбай кабыл алууга жардам берейин деп атам», — деп, ал жыйындар залынан чыгып кеткен.
«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев да мыйзам долбооруна каршы чыгып, аны бул документ «шашылыш» кабыл алынып жатканы менен түшүндүргөн.
«Референдум жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, ал 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Парламент жактырган документ референдумдун убактысын дайындоо жана Конституцияга түзөтүү киргизүү тууралуу башка мыйзам долбоору менен бир учурда каралган.
Жол-жобо боюнча адегенде референдум кандай өтөөрүн аныктаган мыйзам кабыл алынып, андан кийин гана жалпы элдик добуш берүү жөнүндө демилге көтөрүү туура болмок.
Референдумдун убактысын дайындоо жана Конституцияга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзамды парламент 19-октябрда акыркы окууга жөнөткөн.
Конституциялык реформа
Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү демилге көтөрүшкөн.
Жаңы түзөтүүлөргө ылайык, премьер-министрдин ролу жана соттордун үстүнөн болгон көзөмөл күчөйт.
Эми Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык келишимдерди жетекчиликке албастан, жергиликтүү мыйзамдарга гана таянат.
Жогорку Кеңештин депутаты өкмөт башчысынын же вице-премьердин кызматын ээлеп, ошол эле учурда добуш берүүгө катышуу укугун сактап калат.
Түзөтүүлөрдүн тарапкерлери мындай алымча-кошумчалар Кыргызстандын көз карандылыгын азайтып, бийликти бир колго топтоого каршы күрөштө жардам берет деп эсептешет.
Түзөтүүлөргө экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, «Ата Мекен» парламенттик фракциясы жана башка фракциялардын айрым депутаттары каршы чыгышууда.
Алардын пикиринде, Конституцияга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү өлкөдө демократиянын жок болушуна алып келет.