Эже-сиңди Шуваловалар чогуу жашайт. Акыркы он жылда 90 жаштагы Надежданын бардык түйшүгү Альцгеймер оорусу — эстутумдун начарлашы менен ооруган 94 жаштагы эжеси Верага багышталган.
Баяндама Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титованын атынан жүргүзүлөт.
Вера жана Надежда Шуваловалар акыркы он жылда Бишкектин четиндеги кичинекей үйдө чогуу жашап келишет. Алардын биргелешкен турмушу Веранын эки бөлмө үйүн бирөөлөр алдамчылык менен 500 долларга сатып алышкандан кийин башталган.
94 жаштагы Веранын башынан эле балдары жок, андыктар жалгыз калгандан кийин ал ошол учурда 80 жаштагы сиңдиси Надеждага көчүп келген.
Вера өзү мага интервью бере алган жок, анткени акыркы эки жылда эстутуму начарлап кеткен. Мага «Чоң энени асырап алуу» (Babushka Adoption) кайрымдуулук фондунун ыктыярчылары айтып бергенине караганда, дарыгерлер ага айыкпай турган Альцгеймер оорусунун дарт белгисин коюшкан.
— Вера Шувалованы асырап алышты. 2015-жылдын ноябрынан бери буларды Виктория деген бишкектик кыз колдоп келатат. Ал жалаң эле Верага эмес, эки чоң энеге жардам берет жана анын жардамы чын эле пайдалуу экенине абдан үмүтү чоң, — дейт «Чоң энени асырап алуу» уюмундагы Айжан Чечирткеева.
Кайрымдуулук фонду аркылуу чоң энелерге ай сайын каражат жөнөтүлүп, ага ыктыярчылар тамак-аш алып беришет же эсебин төлөп алганга акчалай түрүндө беришет.
«Чоң энени асырап алуу» уюмунун кызматкерлери Шуваловдор каруу күчүн талап кылган жардам да сурап жатышканын айтышты — 90дон ашкандан кийин аларга үйүн жыйнаган да, сууга түшкөн да оор.
Кайрымдуулук фондунун кызматкерлери карыган кишилердин кыйынчылыктары тууралуу, абышка-кемпирлер жөнөкөй эле баарлашууга канчалык сүйүнөөрүн айтып беришти, ошондуктан ыктыярчылар меен кошо мен Шуваловалардыкына бардым.
Биз алардын үйүнө жетип дарбазанын алдында 20 мүнөтчө турдук. Чоң энелер дароо эле жооп бере алышкан жок, 94 жаштагы Вера бул учурда үйдүн босогосуна араң жетти. Анын сиңдиси, 90 жаштагы Надежда бакчада экен, жаңгак чогултуп атып бизди укпай калыптыр.
Биз жанын койбой койгондуктан Надежда бизге көңүл буруп, дарбазасын ачты.
Ал бизди үйгө, Верага жөнөттү. Имарат аябай көк жыттанат экен, мен Гуляны суроолуу карасам, ал жайбаракат эле үйгө кирип, тамак-ашты кое баштады.
— Мындан да жаманы болот, бирок буларга баарлашуу жана көңүл керек. Бул аябай акыбети жок иш, анткени көп кары кишилер биздин өзүбүздү деле, алардын үйүн жыйнап, өздөрүн жуунтуп, тамак-аш, акча алып келип бергенибизди деле унутуп калышат. Аларды аяйсың, алар азыр жаш баладай — аларга камкордук керек, — деди Гуля, менин көз карашымды байкап.
Ал арада Надежда Вераны стулга отургузуп, «журналисттер келди, сен жөнүндө кино тартышат экен» деп түшүндүрө баштады.
94 жаштагы Вера жыйналып, башындагы жоолугун түздөп салынып, кофтасын алмаштырып, жөн эле таяк эмес, жыгачтан жасалган аса таягын алды.
***
Вера интервью бере албай койду. Эстутуму начар болгондуктан анын ойлору чаташып, суроолорду жакшы түшүнбөй, же такыр эле жооп бергиси келбей атты. Үшкүрүп алып Веранын турмушун анын сиңдиси Надежда айтып кирди.
— Бул өмүр бою Жалал-Абадда, көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында жашаган, анан коңшулары муну алдамак болуптур. Кыскасы «өмүр бою сага кам көрөбүз» деп убада берип, бул болсо аларга эки бөлмөлүү үйүн 500 долларга сатып жиберет. Анда 85те болчу. Коңшулары муну Бишкекке алып келип, адегенде Новопавловкадагы үйүнөн бөлмө бергенге убада беришет. Адегенде өзүнө жайгаштырып, кийин мага алып келишти. Бул жакта менин небере кызым жашачу, анын үч баласы бар. Неберем кетишке туура келди, Вера анын бөлмөсүн ээлеп калды. 10 жылдан бери чогуу жашап келатабыз.
Надежда адегенде Вера өзү эле базарга барып, өзүнө тамак жасап жүргөнүн, бирок акыркы эки жылда көп нерсени унутуп, жөнөкөй эле аракеттерди кыйынчылык менен кылып калганын айтып берди.
Надежда эжесин баса албай калса эмне болоор экен деп кейийт. Ал болсо сиңдиси сүйлөп атканда кээде «чыдам берсин сага» деп кошуп коёт. Же сөөмөйү менен чукуп «Бул мени менен кыйналды» деп шыбырап коет.
— Үйдө бир нерсе кылгысы келбейт, короодо деле эч нерсе кылгысы жок, ал тургай китеп деле окубайт. Кудайга шүгүр, жок дегенде таяк менен басып жүрөт. Жатып калабы деп аябай корком, — дейт сиңдиси.
Вера колун канагыча тырмап, жылмайып отурду. Башын ийкеп «Эмнелердин баарын айтып салдың?» же «Күйөөм мени таштап жашыраак бирөө менен кетип калбадыбы» деп кайталап атты. Надежда болсо «бул алжып атат, күйөөсү таштап кетпей эле өлүп калган» дейт.
— Вера, кантип жашап атасыз? — ал мага көңүл бурушу үчүн мен бир нече жолу ушинтип сурашка туура келди.
— Мен жакшы жашап атам! Тамакты жакшы жейм, көп уктайм. Сейилге аз чыгам, анткени бутум ооруйт. Ал эми отура берсем үшүйм. Турсам эле чай дасторкондо турган болот! Тигине канчалаган нерсе бар бизде! — деп койду ал социалдык кызматкер алып келген тамак-ашты көрсөтүп.
Вера сиңдисинин аны менен кыйналып калаарын моюнга алат.
— Жакшы да жашадык, кыйынчылык да көрдүк, ар кандай болду, — дейт ал. — Мынча жашаарымды билгенде баары башкача болот эле!
«Башкачасы кандай?» деген суроого унчукпай тим болду.