Кыргызстандын герби кабыл алынгандан берки 22 жылда биринчи жолу анын бирдиктүү турпаты пайда болду. I-Media маркетинг бюросунун көркөм директору Нурбек Насыранбеков дизайнерлер тобу гербдин түп нускасын издеп (анан таба албай), анан алар гербди кантип кайрадан тартып чыгышканын айтып берди.
Жазуунун түп нускасы Насыранбековдун блогунда жарыяланган.
Гербдин үстүнөн Наргиза Кулатаева, Канат Карашпашев, Марсел Шейшенов иштешти.
Жакында биз өз карьерабыздагы балким эң көзгө көрүнбөс, бирок ошол эле учурда эң маанилүү бир ишти бүтүрдүк. Биз гербибиздин бирдиктүү стандартын тартып чыктык.
Бул эмне үчүн керек?
«Биздин гербдин бирдиктүү версиясы керек» деген идея чыкканына көп болду. Анткени бизде гербдин санариптик варианттары көп — эң начарларынан тартып, иште колдонулган жарактууларына чейин бар.
Табышмак
Гербдин кайсынысы чыныгы деген суроо тынчтык бербей койду. «КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамды окуп чыгып, биз анын түп нускасы мамлекеттик резиденцияда сакталышы керек экенин билдик. Варианттардын кайсынысы түп нускага жакыныраак экенин билиш үчүн биз колдо болгон байланыштардын жана достордун баарын ишке салып жатып, түп нусканы табууга аракет кылдык. Бирок ал ошол бойдон табылган жок.
Бир аз ындыныбыз өчө түшүп, биз баары бир өкмөттө иштеген тааныштарыбыздан жана досторубуздан герб тууралуу сурай бердик. Акыры тырышканыбыз текке кеткен жок. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Борбордук мамлекеттик архивде гербдин авторлорунун биринин колу коюлган кайсы бир сүрөт табылганын жазып жиберди.
Ал жакка барып, биз андагы нерсени тартып алдык:
Тилекке каршы, бул түп нуска эмес болчу, ал тургай анын фотосүрөтү да эмес экен. Бирок бул авторлордун бирөөнүн колу коюлган компьютердик версия болчу. Жоктон көрө жогору! Анын санариптештирилгени жаңыдан сүрөт тарта баштагандардын 80 пайызына тиешелүү кемчиликтен куру калбаптыр. Ал жээк салынганы. Баарында ошондой!
Жылмалоо
Ал жээк сызыкты эске албаганда деле, санариптик «автордук» версияда жөнөкөй адамдар байкабаган, бирок кесипкөйлөрдүн итатайын тутулткан так эмес, одур-бодур жерлери бар экен. Андыктан бул ишти аягына чейин бүтүрүп коёлу деп чечтик. Мындайча айтканда «өгөөлөйлү» дедик. Түшкү тамактан кийин эле…
Бир жарым жыл өттү.
Иштиктүү жолугушуулардын биринде биз Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын «Инфоком» аттуу туунду кызматы мамлекеттик символдорду стандартташтыруунун үстүндө иштеп жатышканын билдик. Биз аларга жардам берели дедик. Анын үстүнө бизде герб менен болгон иштелмелер бар болчу. Алар макул болушту.
Айтмакчы, биз алардан гербдин түп нускасы тууралуу сурадык. Алар бизге ошол эле кол коюлган, басылып чыккан ошол эле сүрөттү көрсөтүштү. Кыязы, гербдин түп нуска сүрөтү Конституциянын да түп нускасы жаткан караңгы, белгисиз жерде окшойт, экөө бир жип менен таңылган сыяктанат.
Ошентип, биз гербдин үстүнөн иштей баштадык. Максат мындай болчу: жөнөкөй жарандарга айырмасы билинбеши керек, кесипкөйлөр болсо кемчилигин көрүп ачуусунан калчылдабагыдай болушу керек. «Инфоком» бизге өз иштелмелерин жөнөттү. Мамлекеттик архивден алынган, автордун колу коюлган басма сүрөттү түп нуска катары кабыл алып, биз ишти баштадык.
Типографика
Гербдин автору сүрөтчү болгондуктан, ал типографикада адис болгон эмес. Биз гербден тамгаларды сууруп чыгып, тегиз жерге коюп, төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болдук:
«Инфокомдун» варианты жакшыраак экен.
Бирок баары бир ал деле идеалдуу эмес болчу. Анысы аз келгенсип, алар айрым тамгаларында түп нускадан алыстап кетишиптир (Б, Р, Ы). Биз тамгаларды кайрадан тартып чыктык:
Биз оңдоп чыккан дагы бир бөлүк — бул кернинг. Ал тамгалардын ортосундагы көз болжом аралыкты билдирет. Ал такыр эле айласыз абалда экен. Тамгалар же бири-бири менен сүйлөшкүсү келбегенсип туруп калышкан, же жабышып калышкан. Биз баарын сызгыч менен тизип чыктык.
Саймалар
Биз эчак эле оңдогубуз келип жүргөн кийинки бөлүк — графиканын өзү болчу. Кыйшык, тегиз эмес, одуракай… Пенопласт менен айнек кескендей… Эк!
Гербдин багыттык файлында так эмес, бурчу чыккан, шайкеш келбеген жерлери көп. Так ушундай майда-бараттар жакшы жасалган ишти халтурадан айырмалап турат. Дизайн же жарнама боюнча фестивалдарда craft — аткаруу сапаты деген өзүнчө номинация болгону бекеринен эмес.
Жаңыдан тартып чыктык. Бастырдык. Дубалга илдик. Артка бастык. Карап көрдүк. Башты солго кышайттык. Карап көрдүк. Башты оңго кыйшайттык. Карап көрдүк. Ыраазы болуп баш ийкеп койдук.
Шумкар
Биз үчүн иштин эң татаал бөлүгү — Ак-Шумкар болуп чыкты. Бизди жана «Инфокомдун» адистерин канааттандыргыча шумкардын 20га жакын варианттарын тартып чыктык окшойт. Маселе анын айырмасын эч ким байкабагыдай кылып оңдоодо болчу. Акыры биз бир жыйынтыкка келдик.
Куштун жүндөрүнүн тегиз кичирейбей калышы, алардын бирдей түргө келбегени, шумкардын «кавказча профили», буттарынын кесилген бөлүктөрү, «курсакчасы» — баары оңдолду.
Жыйынтык
Бир ай иштеген соң биз Кыргызстандын гербинин стандарттык сүрөтү катары ишке киргизиле турган гербди тартып чыктык. Бул бир жагынан өтө байкалбаган, бир жагынан биздин карьерабыздагы өтө маанилүү жумуш. Аны тартуу бизге өтө оор жана жагымдуу болду. Эгерде силер Кыргызстандын герби менен иштеп жатсаңар, биздин ишибиздин жыйынтыгын пайдаланууну суранабыз. Азырынча бул жерде жатат:
p.s. Айтмакчы, мен жакында илгертен бери мени кыйнап жүргөн, «Эмне үчүн гербдин жээги эки сыйра ак-көк болуп тартылган?» деген суроого жооп таптым. Жообу «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамда мындайча жазылган:
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби көк айлананын ортосунда ак каптоочто жайгаштырылып, канатын жайган ак шумкардын сүрөтү болот».
Ал эми ак каптоочту ак баракта кантип көрсөтсө болот? Туура! Ак жээкке башка бир көк жээк кошуш керек. Андыктан, айымдар жана мырзалар, биздин герб жээги жээктелген дүйнөдөгү бирден-бир герб болуп эсептелет 🙂