Түз эфирде биз Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Каныгүл Сатыбалдиеванын бир нече жолу көмүлүшү боюнча жагдайды талкууладык. Сатыбалдиеванын сөөгү тирүүсүндө ал христиан-баптист динин кармангандыктан бир нече жолу казылып кайра көмүлгөн.
Студиянын коноктору:
- ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев;
- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу;
- Укук коргоочу Жанара Аскар кызы.
Программанын меймандары жагдайды түшүндүрүп, мындай учурларда укук коргоо органдары менен дин өкүлдөрү кантип аракеттениши керек экенин айтып беришет.