Саламаттык сактоо министрлиги аялдын көкүрөк безин кесип салган табыптын клиникасын жабат

Саламаттык сактоо министрлиги ооруткус дары сайбастан аялдын көкүрөк безин кесип салган жана жатынга ийне сайган табып Ашим Зайналиевдин клиникасын 28-октябрда жабууга убада берди. Ага каршы «мыйзамсыз дарылоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Зайналиевдин клинискасындагы 16 бейтаптын баары Улуттук онкология борборуна которулмакчы.

«Өзүнүн дарыгерлик ишмердүүлүгүнө лицензия албаган "доктур" онкологиялык жактан оорукчан адамдарга жардам бермекчи болгон Ашым Зайналиевдин жеке менчик клиникасын жабуу 28-октябрга белгиленген», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Анна Жукова Зайналиевге каршы «Мыйзамсыз дарылоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Kloop.kgге 26-октябрда билдирген.

Ар кайсы басылмалардын журналистттери Зайналиев онкологиялык оорусу бар кишилерди дарылаш үчүн кандай ыкмаларды колдонгонун жазып жүрүшкөн.

Табып көкүрөк безинин төртүнчү даражадагы өсмөсүн наркозу жок кесип салып дарылаганга аракет кылган. Аялдын өлүмүн Көк-Жар конушундагы Зайналиевдин медициналык борборуна чакыруу менен келген тез жардамдын дарыгерлери катташкан.

Жатын моюнчасынын өсмөсүн табып жатынга ийне сайып дарылаганга аракет кылган — анда колдонулган эритменин курамы белгисиз. Башка онкологиялык оорулууларга ал айыгаарын убада кылып, белгисиз чөптөрдү саткан. Бул окуяларды Зайналиевден дарыланып көргөн бейтаптардын туугандары журналисттерге айтып беришкен.

Табып өзү ЖМКдагы материалдарды өз ишине каршы багытталган «пиар-акция» деп атап келатат жана журналисттерди «жакшы комментарийлерди модерациялаганы үчүн» айыптоодо. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана оорукчандар эмнеге баратышканын билген дейт. Ал оорукчандарга жүз пайыздык кепилдик берген эмес — «кепилдикти Жараткан гана берет» дейт ал.

Сүрөт: «Азаттык»