Союзбек Салиев дүйнөнү бир моторлуу учак менен саякаттап келди

Кыргызстандык Союзбек Салиев менен литвалык Йонас Жукнус бир моторлуу учак менен дүйнөнү 64 күндө саякаттап келишти. Өзүнүн саякатын Салиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арнады.

Союзбек Салиев менен Йонас Жукнустун бир моторлуу учагы «Манас» аба майданына 27-октябрь күнү конду. 64 күндүк саякатта учак тогуз миң километрди басып өтүп, 13 жолу конгон. Жер шарына саякатты «Улуу айлампа» деп аташкан. Саякатчылар Кыргызстандан 25-августта учуп кетишкен.

Маршруттун координатору Абдуманап Маматкаримовдун айтымында, «алдын ала күтүлбөгөн жагдайларга» байланыштуу Кыргызстанга кайра учуп келүү 12 күнгө кечиккен.

«Биздин Mooney Ovation-2 Вьетнамдан учуп өттү, ал жерде аскердик окуулар өтүп жаткан. Филиппинде катуу куюнга жана Африкада кум бороонго кабылган. Тынч океандан учуп өтүүдө байланыш оорлошкон. Андан сырткары, эквартор аймагында "ички тропикалык конвергенция чөлкөмү" бар, ошол жерде дайыма жаан-чачын болот. Ошол аймактан учуп өтүү кыйын болду. Өлкөлөр тарабынан кирүүгө уруксат алуу да убакытты алып жатты», — деди Маматкаримов.

Жубайынын саякат кылуу тууралуу мурдатан кыялданып жүргөнү боюнча Гүлзат Салиева айтып берди.

«Союзбек саякатка даярдана баштаганына көп болду, беш же алты жыл мурда. Бул анын ар дайымкы кыялы болчу. "Максат койсоң, ага жетиш керек" деп айтчу. Ал аябай өжөр жана максатына умтулган адам. Андан сырткары үй-бүлөнүн жакшы мүчөсү жана мыкты ата», — деди ал.

Салиевдин айтымында, жубайын көндүрүүгө туура келген. Аны көндүрүү үчүн кесиптеши Йонас Жукнус жардамга келген.

«Ал буга чейин бир жолу дүйнөнү саякаттап келген. Биринчи жолу ал төрт жыл мурда, 68 жашында учуп өткөн. Менин да учкум келгенин уккан жалпы досубуз бизди тааныштырган. Интернет аркылуу байланыштык. Кийин мен аны учууга көндүрдүм. Ал болсо жубайымды мени коё берүүгө көндүрдү. Ал аябай толкунданды», — деди саякатчы.

Салиев айтып бергендей, жер шарын айланып чыгууну акыркы беш жылдан бери кыялданып келген.

«Мен учкучмун, дүйнө жүзүн учуп чыгууну көптөн бери кыялданып келгем. Интернеттен жер шарын айланып учкандардын бирикмелери тууралуу маалыматтарды издештиргем. Бирикменин мүчөлөрү менен байланышып, бул тема боюнча жазышып, өзүмдүн мурдатан берки кыялымды орундатайын деп чечкем. Бул бирикмеге негизинен АКШ менен Европанын жарандары кирет», — деди ал.

Салиев саякатты баштаар алдында «Азаттыктын» журналисттери менен маектешип, жер жүзүн айланып учуунун максаттары тууралуу айтып берген.

«Биздин ата-бабалар көчмөн болгон. Алар байыртадан ылайыгына жараша дайыма жер которуп турган. Биз эми 21-кылымда авиациянын алдыңкы жетишкендигин пайдаланып, белден-бел, кырдан кыр ашып, көчмөнгө таандык жер кезүү ынтаасы менен жер жүзүн айланып келели деп жатабыз. Бул алыскы сапар учурунда ар кайсы өлкөлөрдүн аймагында болуп эркин, эгемен кыргыз мамлекети бар экендигин айтып, анын желегин желбиретип, өлкөбүздүн күнкорсуздугун даңазалап, өсүп келаткан муунду мекенчилдикке чакырып, жаштарыбызды эгемендиктин барк-баасын сезе билүүгө үндөйлү деген оюбуз бар», — деген ал.

Өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн Союзбек Салиев батири менен автоунаасын саткан. Чогулткан акчасына учкун мурда колдонулган америка учагын сатып алган.

Салиев үч окендан учуп өткөн — Атлантика, Тынч жана Инди океанынын бир бөлүгү, төрт материктен — Африка, Түштүк Америка, Океания жана Азия. Анын маршруту 16 өлкө аркылуу өткөн.

XX кылымдын башынан бери жер шаарын бир моторлуу учак менен 200дөн ашык учкуч айланып учкан. Союзбек Салиев дүйнөнү спорттук учак менен саякаттаган Борбордук Азиядан чыккан алгачкы учкуч болуп саналат.