«Чын жүрөктөн» advisor. Бишкектиктердин сүйүктүү жайлары боюнча ак ниет сунуштары

Бишкектиктер даамдуу тамак жегенди жакшы көрүшөт, ал үчүн көптөгөн жайлар бар. Өзүнүн сүйүктүү шаурма-каттама-ашлям-фусун татып көрүү үчүн шаардын бир чекесинен кийинкисине баргандан да эринбегендер бар. Биз шаардыктардан мына ушундай жайлар кайда экенин сурап көрдүк, алар бизге «чын жүрөктөн» 19 сунуш беришти.

Ашлям-фу

«Калык Акиев-Фрунзедеги бир кычыкта жайгашкан кафе шаарды толугу менен баштан аяк кыдырууга татыктуу. Бишкектеги эң Караколдун ашлям-фусу. Оюмча, иштин баары соуста. Ага өтө деле уксус көп кошулган эмес, бирок өзүнө таандык кычкылдыгы бар. Традициялык түрдө бул жерде да этсиз. Ал аябагандай кичинекей кафе, үч столдук. Жана өтө, өтө жупуну. Порциясы 35 сом, же болжолдуу ошондой».

Манты

«Манты "Миша абаныкында" Москва көчөсүндө Исанов менен Белинканын ортосунда. Анын мантысы түшкө чейин гана сатылат, түштөн кийин түгөнүп калат. Аны шишкебек саткан "Генаныкында" менен салыштырышат, бирок Миша абаныкында кир жана ал кеңейген жок. Анын жадагалса жарнамасы да жок. Аталышы фломастер менен дубалда жазылуу, бирок мантылары мыкты бойдон калууда».

Боордон шишкебек

«Мен үчүн эң мыкты шишкебек 11-кичи райондогу "Он биринчи" кафесинде. Мен боордон жасалган шишкебектер жөнүндө айтып жатам. Ал жука май катмары менен оролуп, жакшы даярдалып, тандырда бышырылат. Чыктуу жана назик, даамдуу жыты менен, шилекейиң гана куюлат».

Шаурма

«Эң мыкты шаурма Чүй-Карпинкада. Шарттуу түрдө "Нарындыкы" деп аталат. Менин бардык оштук досторум ошол жактан тамактанышат. Даамдуу, чоң жана этти аябай салышат».

Хошан

«Хошандар Осмонкул- Огонбаевде. Ал жайга шаардын бардык жеринен келишет. Өлчөмү боюнча Оштун тандыр самсаларындай. Куурулганы, бууда даярдалганы, отко бышканы бар, бирок баары акыркысын алышат. Өзгөчө фарш, өрдөктүн эти менен да бар. Ал жер "Суперхошандар #1" деп аталат.

Быштак жана шоколад менен булочка

«Быштак кошулуп жасалган тоголок, жумшак булочкалар "Биздин Маркада" бар. А мурда болсо Жибек Жолунда, Калык Акиевге жакын жерде, күркө болчу. Анда шоколад менен булочкалар сатылчу, бирок шоколадды көп кошуп коюшчу. Мынчалык көп шоколад кошулган булочкалар башка эч жерде жок. Жадагалса, Париждеги шоколаддуу круассандар дагы ал булочкаларга караганда даамы аздай сезилчү».

Кебаб

«Эң даамдуу кебаб "Ожак кебабда". Анда кебабдын үч түрү сатылат жана суусундуктардан чай, газировка жана айран бар. Ал жерге чын дилиң менен тамактанганы барасың. Алар мурда Дзержинка-Токтогулда болчу, бирок алар «Мотого» көчүп кетишти. Адамдар эскичесинен эле Дзержинкага барып, "Ожак" бузулуптур дешет, бирок чынында алар башка жакка көчүп кетишкен».

Картошка фри

«Совет- Киевде Friday деген "фри жасалган" жер бар. Алар өтө көп картошки фри салып беришет. Ал туура кесилген, башка жерлерде ал майда анан түшүнүксүз болсо, мында алар чоң, даана, даамдуу жана соустору да түрдүү».

Бешбармак

«Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде "Шайлообайдын бешбармагы" деген жер бар. Ал жерде бешбармак жасаган кафелердин катары бар. "Шайлообайдын" кожойкеси ал жерде биринчилерден болуп 2004-жылы бешбармак саткан жерди ачкан. Кийин бир канча жолу бир эле схема кайталанды: алар өнүгүшүп, ижарачылар аларды айдап чыгып, алар өздөрүнүн бешбармак борборлорун ачып жүрүшкөн. Ошентип бул жер ачылып калган. Бирок баарыбир мыкты бешбармак "Шайлообайдыкында". Качан акыркы жолу барганымда чоң порциялары менен көп эт жана казы салып беришкен. Кымбат эмес жана аябай даамдуу».

Мисте кошулган балмуздак

«Frescoдон башка жерде мисте кошулган мынчалык даамдуу балмуздакты жеген эмесмин. Берлинде да, Брюсселде да, Римде да. Италия балмуздагы аябай даамдуу, бирок даамдардын табигыйлыгы боюнча аларды Frescoнуку менен салыштырууга болбойт. Оюмча, иштин баары жергиликтүү мистелерде, анткени айрымдарында тойгузуучу даамдары бар. Бул балмуздактын түзүлүшү өтө коюу, ар бир сантиметр квадратта майдаланган мистенин даамын сезесиң».

Быштак жана лимон менен булочкалар

«Белинкада Киев менен Токтогулдун ортосунда кичинекей "Карлсон" деген күркө бар. Алар ошонун ичинде эле даярдашат. Алардын быштак жана лимон кошулган булочкалары сонун. Алар ысык жана даамы өтө сонун, алыстагы аялдамадан эле жыты чакыра баштайт. Ал жерде "Сочинскийлер" да бар, аларды алып апама күч-кубат берип турам».

Каттама

«Горький көчөсүндө, 29-мектептин маңдайында кичинекей тандырчы бар. Буйрутма менен нандарды, булочка жана шаардагы (а балким, дүйнөдөгү!) эң даамдуу каттамаларды жабышат. Чени менен кырсылдаган, чени менен жумшак жана назик. Жана, албетте, күйүп кеткен эмес».

Самса

«Самса үчү биз кесиптештерибиз менен Жаш гвардия жана БЧКга чейин сандалып барабыз. Ошол эле кесилиште каналдын түндүк-чыгыш бурчунда. Бул самсалар Оштун самсаларындай. Андагы эң даамдуусу — "ачуулары". Ичинде калемпир салынганы. Ким ачуу тамакка көнгөн эмес болсо, анда аны жөн гана алып салып жей берсе болот. А кимдин аны жеп салганга кудурети жетсе, анда ал Мексикада болуп келгендей эле болсо керек».

Кофейня

«Токтогул-Шопоковдогу кофейня — өтө кичинекей, тынч, жайлуу, эч кимге деле билинбеген жана романтикалык жолугушуулар үчүн. Качан сиз бирөө менен жеке жолугушууну кааласаңыз, мындан артык жерди табууга мүмкүн эмес».

Квас

«Эң даамдуу квас Совет-Магистралдагы "Корчмада". Квасты жыгач идиштерде кармашат жана жыгач чөйчөктөргө куюп беришет. Даамы боюнча ал Укранинанын Запорожьесиндегидей. Мен квасты сүйүп ичем, жолдошум да ар дайым айткандай, ал квас Запорожьеде кандай болсо, дал ошондой. Куюп берүүсү да таасирлентет».

Сыра

«Эң даамдуу "Арпа" Линейная-Правдадагы кафеде — өзү да аты аталгандай эле "Көпүрөдөгү кафе" деп аталат. Алардын көрнөктөрү деле жок, бирок аларды баары билишет. Ал жерде сыраны тоңдурулган чөйчөккө куюп беришет. Ал жерге шишкебек жегени да киришет, бирок шишкебектери анча деле даамдуу эмес».

Кукси

«Бишкектеги эң даамдуу кукси "Пхеянда", Лев Толстойдон жогорку көздөй басканда. Анда куксилер үйдөгүдөй, жадагалса, андан да даамдуураак. Кичинекей тамакка (бул алардын фирмалык айырмачылыгы) куурулган ачуу калемпир салып беришет. Этият болуңуз! Эгерде ачуу тамакка көнгөн эмес болсоңуз, анда ага тийбей эле коюңуз. Бул аябагандай термоөзөктүү калемпир!».

Тандыр нан

«Алматинкада айлампа жолдун жогору жагында бир нече тандыр бар, ал жерде даамдуу нандарды алууга болот. Жаңы бышкан, жыттуу жана назик нандарды өзбек үй-бүлөсү да Щербаков- Орозбековдо сатат».

Панини

«Эң даамдуу панини Laff Expressте. Кырсылдаган нан, кандайдыр бир өздөрүнүн чоң нандары, мындайды башка эч жерден көргөн эмесмин. Тоок этинен салат белгисиз рецепт менен аябай даамдуу жана чыктуу. Үйдө жасалгандай».

Материал «Молоко 2» медиамарафонунун алкагында даярдалды.

Сүрөт: Виталий Белошапкин