Хэллоуин көз жумган ата-бабаларга арналган ритуалдык майрамдан көркөм-кооз кийиндирген шоуго айланууда. «Бардык ыйыктардын күнүндөгү» костюмдар да сөлөкөт, зомби жана арбактардан тартып поп-маданиятынын каармандарына чейин өзгөрдү.
Кloop.kg гримёрлор Влад Варганкин, Маргарита Кривцовая жана Елена Редко менен биргеликте кинематография, мифология жана көркөм фантазияга таянып, популярдуу образдардын топтомун жасады.
«Классикалык» образдар
Хэллоуин үчүн классикалык делген образдар бар. Бул костюмдар ар дайым популярдуу — убакыттын өтүшү менен алар модернизацияланууда. Эрежеге айланып калгандай, бул — жиндин ар кандай образдары: вампирлер, жез кемпир, зомби жана башкалар. Алардын ичинен клоундун образы өзгөчөлөнүп турат.
Вампир
Классикалык жана модадан чыкпаган вампирдин образы Брэм Стокердин экрандаштырылган Дракуласы болуп калды. Өз аты Влад Цепеш болгон граф Дракуланы коркуткан Бел Лугоши аткарган.
Бул образ көп убакытка чейин негизгилерден болуп келди, кийинчерээк бийик көтөрүлгөн жакалуу сырдуу инсандардан бешмант кийген жигиттин гүлдөрүнө («Вампир менен маек»), булгаары кийген катаалдарга («Блейд» жана «Башка жашоо») жана назик жигиттерге («Күүгүм», «Вампирдин күндөлүгү» жана «Байыркылар») айланышты.
Зомби
«Зомби» термини жазуучу Вильям Сибруктун аркасы менен белгилүү болду. Ал «Сыйкыр аралы» китебинде кайра тирилген өлүктөр жөнүндө баяндайт.
Китеп 1929-жылы жарык көрүп, автордун Гаитиге болгон сапарын сүрөттөйт. Эмгекте вуду культунун көптөгөн ритуалдары сүрөттөлөт — бул Америка үчүн сенсация болгон.
Бул китептин негизинде бродвей мюзикли коюлуп, 1932-жылы «Ак зомби» фильми тартылган. Тасмада легендарлуу актёр Бела Лугоши рол жараткан.
Зомбилер жөнүндөгү культка айланган фильмердин бири Жорж Ромеронун 1968-жылдагы «Тирүү өлүктөрдүн түнү». Азыркы популярдуу «Басып жүргөн өлүктөр» сериалы мурда чыйыр салынган жол менен тартылган тасма болуп саналат.
Жез кемпир
Жез кемпирлер — бир да хэллоуин майрамы ансыз өтпөгөн персонаж. Бул персонаждар ар дайым ооздон түшпөй, байыркы уламыштар (Ойленшпигел жөнүндө немец уламыштары) менен катар жаш балдардын «Оз өлкөсүнөн сыйкырчы» жомокторунда да сөзгө алынат.
Инквизиция убагында жез кемпирлер эң сулуу аялдар делген болсо, фильм жана жомоктордо кыйшык мурундуу жана чоң кара шляпачан персонаж сүрөттөлөт.
Клоундор
Стивен Кингдин «Ал» китеби экрандаштырылгандан кийин клоундор өзгөчө популярдуу жана коркунучтуу болуп калды. Кийинчерээк адам өлтүргүч клоундор жөнүндөгү фильмдердин бир катар сериясы чыкты.
Быйыл дүйнө жүзү боюнча «клоундордун» адамдарга кол салуусу жүз берген. Мындай кылмыштар «үрөй учурган клоундордун феномени» деп аталды. Биринчи учур АКШда катталып, Канада, Австралия, андан соң Европа өлкөлөрүнө жайылган.
Баш сөөк
Баш сөөктүн ар кандай интрепретациясы — Хэллоуиндеги эң популярдуу грим. Сүрөт ачык боёктор менен тартылган del Muerto мексика маскасынан тартып жүзүндө баш сөөк тартылган америкалык «Зомбибой» эркек моделдин образына чейин өзгөрүшү мүмкүн.
Баш сөөк — бетти жасалгалоодо ашыкча эмгекти талап кылбаган жеңил версиялардын бири болуп эсептелет. Башка каармандардан айырмаланып, баш сөөк атайын костюмду деле талап кылбайт.
Комикон
Акыркы он жылда классикалык хэллоуин образдарына кино жана комикс каармандарынын кийимдери кошула баштады. Хэллоуиндин өлүктөр күнү экенин толугу менен унутуп, адамдар аны ар жылы өткөрүлгөн комиконго айлантып алышып, өздөрү жактырган персонаждардын кийимдерин кийүүдө.
Харли Квинн
Харли Квинн — ойдон чыгарылган персонаж, DC Comics ааламынын суперкардуусу, алгачкы жолу 1992-жылы «Бэтмен» мультсериалында пайда болгон, кийинчерээк аны комикстерде тарта башташкан. Ал Жокердин башкы өнөктөшү болгондуктан Бэтмен менен анын жардамчыларын жек көрөт.
Бул каарман быйыл «Өзүн өзү өлтүргөндөр отрядында» рол жараткандан кийин өзгөчө популярдуу.
Жокер
Жокер Хит Лежер тарабынан аткарылганга чейин классикалык каардуу комикс образ популярдуу болчу — клоун белгилери менен арык киши. Лежердин трагедиялык образы хэллоуиндеги «Жокерлердин» көрүнүшүн узак убакытка алмаштырды.
Жокердин катышуусундагы «Өзүн өзү өлтүргөндөр отрядындагы» комикстердин соңку экрандаштыруусунда биз Жаред Летонун аткаруусундагы классикалык акылдан азган жашыл чачтуу образды көрө алдык.
Оригиналдуу персонаждар
Хэллоуиндин образдарынын ичинде өзгөчө орунду оригиналдуу образдар ээлейт — бул гримёрлордун жана алардын буйрутмачыларынын фантазияларынын жыйынтыгы. Кимдир бирөө өзүнүн күнүмдүк образына «чирүү элементтерин» кошсо, айрымдары татаал кийим жана жасалганы тандашат.
Розалардын ханышасы
Сүрөтчү-гримёр Влад Варганкин өзүнүн «розалардын ханышасы» автордук образын сунуштады.
Анда «Алиса керемет дүйнөсүндөгү» Кызыл жана Ак королдуктардын гибридин көрүүгө болот. Бул «сууга чөгүп өлгөн» же «келиндин өлүгү» образына окшош жана ошону менен бирге моделге сыйкырдуу сулуу бойдон калууга өбөлгө түзөт.
Бардык ыйыктардын күнүнүн тарыхы
Хэллоуин кельттер тарабынан болжолдуу XI кылымда майрамдалган. Алар үчүн бул майрам биздин күндөрдөгү Жаңы жыл же Нооруз сыяктуу болгон. Кельттердин ишеними боюнча, бул күнү бардык арбактар көмүлгөн жайларынан чыгып, тирүүлөрдүн дүйнөсүнө келишкен.
Арбактар адамдарды өздөрү менен кошо алып кетип калбашы үчүн кийинкилери сөлөкөт сыяктанып, жаныбарлардын беткаптарын кийип алышкан.
АКШ менен Канадага бул «Бардык ыйыктардын күнү» майрамы Европадан көчүп келгендер менен кирген. 1556-жылга чейин жалпы аталышы All-Hallows-Even (англис тилинен которгондо Бардык ыйыктардын кечи) болсо, кийинчерээк адамдар шотланд сөзү менен «хэллувин» деп кыскартылган версиясын колдоно башташкан.
Бишкекте Хэллоуин акыркы он жылдан бери популярдуу — өзгөчө костюмга басым жасаган кечелерге байланыштуу.
Грим менен иштегендер: Влад Варганкин, Елена Редко, Маргарита Кривцова. Образдарды жаратууда Korean_shop_karavanдын линзалары пайдаланылды.
Сүрөт жана видео: Тилек Бейшеналиев, Эдиль Байызбеков, Александра Ли, Арсений Мамашев, Азат Рузиев.