Үй-бүлө, достор жана шаурма: Чет жердеги бишкектиктердин сагынычтары

Өлкө сыртындагы бишкектиктер чет өлкөдө аларга эмне жетишпей жатканын айтып беришти. Алардын тизмесинде түнү-күнү иштеген дүкөндөр, майонез менен тандырга жабылган нандар, Чүй-Гоголдогу шаурмалардан тартып достор жана үй-бүлө менен эс алуу жана улуттук тамактарга чейин ар түрдүү нерселер бар.

Ильгиз — Кипр

Үй-бүлөмдү сагындым. Башкысы үй-бүлө да. Улуттук тамактарыбызды да сагындым. Этти сагындым, бул жерде эт аябай кымбат жана даамы жок. Жөн эле эт, картошка жана жер-жемиштер кошулган шорпо ичким келип жатат. Сууну сагындым. Бул жерде сууну сатып алышат, а Бишкекте болсо чоргодон эле иче берсе болот. Ишене бергиле, суу кайда гана болбо эң таттуу бойдон кала берет.

Тахмина — Москва

Биринчи кезекте, албетте, үйүмдү, бир туугандарымды жана жакын адамдарымды өтө сагындым. Мурда түшүнбөй эле ойлой берчүмүн: кантип жерди сагынса болот? Азыр болсо болуп көрбөгөндөй бул сөздүн маанисин түшүнүп жатам. Азыр мен кандайдыр бир адамдарды эмес (мен үчүн маанилүү болгон), жалпы эле Кыргызстанды сагынып жатам. Ал эми так кайсы жерди сагынып жаткан жерим болсо — бул Уркуя Салиеванын эстелигинин артындагы паркты сагындым. Мага ал жер өтө жакын. Ал жерде басып, отурган (өзгөчө жаан-чачында адамдар аз болгондо) мага жакчу. Ал жерде ойлонууга жакшы болчу, толугу менен ойго батып, болуп жаткан окуяларга сырттан баам салып, а сен болсо кымкуут жашоонун сыртында тургандай болот.

Улан — Алматы

Бишкектин адамдарын сагындым. Бишкек өзү анча деле эмес, ал жерде негизгиси — адамдар. Бишкекте тааныш эмес бирөө менен жарым саат сүйлөшүп койдуңбу, ал сенин досуң болуп калат. Лев Толстойдогу сасыган өтмөк аркылуу баруу керек болсо да Мурда Политехтен Филармонияга чейин сейилдеп жүрүү жакчу. Бирок мен бишкектикмин да, кыйынчылыктардан коркпойм. Демди кармап туруп алга. Политехтин жанындагы майонез менен нанды сагындым. Мектептин жанындагы «Контр страйкты», Душанбинкадагы алгачкы батиримди сагындым. Сонун күндөр болгон экен.

Кристина — Москва

Биринчи кезекте, албетте, үйүмдү сагындым. Эмен багынын жанындагы өнөркананы жана ошол жакта сейилдөөнү сагындым. Убакыт өткөрө турган жерлерден «Дамас» мейманканасындагы ресторанды, «Таштар Ата» деген жерди өтө сагындым. Опера театры боюнча ностальгия… спектаклдар эле эмес, ошол жерлерде сейилдөөнүн өзү эле. Холст жана боёк сатып алган өнөрканаларды жылуу сезимдер менен эстейм. Бул Маданият министрлигинин имаратында. Мен искусство факультетинде окугандыктан жана көп убакыт бою чет өлкөдө жүрүүгө туура келгендиктен эмне болсо да Бишкекте жашоону пландаштырып жатам.

Асель — Нагасаки

Эмен паркы. Биз ар дайым бир тууганым жана апам менен ал жерде сейилдечүбүз. Айрыкча күздө ушунчалык кооз болуп калат! Салкын болуп, бариктер түшүп. Анан дагы, балким, аянтка жайдын кечинде барып, фонтандардын жанында отургум келип жатат.

Малика — Орхус

Түнү-күнү иштеген «Народный» сыяктуу дүкөндөрдү жана «Save the Ales» барын сагынып жатам. Бул жарнама деле эмес, болгону ал жерде өтө сонун крафт сырасын жасашат. О! Ошондой эле «Цех» лофтун сагындым (төрт жыл мурда болгон болсо да). Кечелер өткөрүлгөн панораманы, баналдуу болсо да, үйүмдү, жакын туугандарымды, досторумду, «Клооптун» кеңсесин сагындым. Өзү негизи жерлерди эмес, адамдарды анан атмосфераны сагынат экенсиң.

Арслан — Нью-Йорк

Шоро менен шаурманы сагындым, аны Чүй проспекти менен кичинекей көчөдө сатып алчумун, Гоголь беле. Унутуп деле калдым. Таза аба жана эртең мененки жазгы жаандан кийинки асфальттын жытын сагындым. Түштүгүндөгү сейилдөөнү сагындым. Апамдын жылуу колдорун, атам менен болгон эркекче маектерди, бир туугандарым менен болгон тамашаларымды сагындым. Анан, албетте, кыздарыбызды сагындым. Биздин кыздар… Билбейм, мен үчүн алар эң мыкты… Эгер бул жердегилер менен салыштырсак, биздикилер таптакыр алтындай. Бардык жагынан. Өздөрүнө болгон мамилелери, эркектерге мамилеси, тарбиясы, чарбачылыгы, үйдөгү жумуштары, акчага болгон мамилеси. Биздин кыздар күчтүү жана көздөгөн максаттары бар. Бардык жагынан иш жүзүндө жетишишет. Мага бул жагат…

Назар — Москва

Чынын айтсам, Бишкектен кеткениме эки эле ай болду, ошого азырынча сагына элекмин. Бирок мен качан Кандагарда иштегенимде, тамактарды аябай сагынгам, анткени ал жерде тамактар боюнча тандоо аз болчу. Башка кадимкидей эле шаарларда тамактарга байланыштуу көйгөй деле болбошу керек. Ааламдашуу болуп жатпайбы. А эгерде ким бир нерсени сагынып, ыйлап жаткан болсо, анда ал жөн гана ыйлаак окуучу болсо керек.

Айбек — Париж

«Фаизадагы» ашлян-фу менен лагманды сагындым. Терезеден караганда эс алдырган ак карлуу тоолор да жетишпей жатат. Адамдардан өз бир туугандарымды эле сагынып жатам, Бишкекте досторум деле жок. О! Анан дагы тамекини дааналап сатып алганга болгон советтик күркөлөрдү сагындым.

Айжамал — Москва

Бишкектен кеткениме аз эле болгондуктан, азырынча сагына элекмин. Так бир жерди айтуу да кыйын. Балким, бул эң көп убакыт өткөргөн жерлер болсо керек. Оюмча, бул биздин көчөлөр. Көчөлөрдө мен окуу жана жумуш убагында аябай көп каттадым. Бишкектин көчөлөрү — бул эски кыйшык жалгыз аяк жолдор, чаң көчөлөр, машиналардын катуу үндөрү, фаст-фуддун жыты менен аралашып кеткен бензин жыты, жаңы заманбап үйлөрдүн терезелери, тааныштардын жылмайган жүздөрү, аларга сенин «салам» деп айтууң же жөн гана баш ийкеп өтүп кеткениң.

Материал «Молоко 2» медиамарафонунун алкагында даярдалды.

Сүрөт: Виталий Белошапкин
Соавтор: Айкокуль Ибраева