Тажикстан толугу менен үч саат жарыксыз калды

Тажикстанда ири авариядан кийин өлкөнүн 90 пайызы электр жарыгысыз калып, электр энергиясын берүү үч сааттан кийин кайра калыбына келтирилген. Өчүрүүлөрдүн себеби белгисиз.

Расмий бийлик так түшүндүрмө бербей жатышат, өлкөнүн ЖМКсы болгон окуяга карата өз версияларын сунуштоодо.

Мамлекеттик улуттук «Барки точик» энергетика компаниясы кабарлагандай, электр жарыгын өчүрүүнүн себеби өлкөнүн электр системасындагы катачылык болгон. Кандай катачылыктар экени такталган эмес.

Тажикистан ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали өлкөдөгү абалды дестабилизация кылуу же теракттардын болушун четке кагып, окуяны «болгону техникалык катачылыктар» деп атаган. Өлкөнүн бардык аймагына электр энергиясын берүү кайра калыбына келтирилип, энергосистема штаттык режимде иштөөдө.

Тажикстан боюнча электр жарыгын берүү Душанбе убактысы боюнча 28-октябрда 18:30дарда токтотулган. Бардык өкмөттүк мекемелер, кафе жана дүкөндөр генераторлорун колдонуу менен өздөрүнүн авариялык системасына өтүшкөн.

«Озоди» сайты, Тажикстан өкмөтүндөгү өз булактарына таянуу менен кабарлагандай, Нурек ГЭСиндеги «штаттан тышкары абал» менен таанышуу үчүн премьер-министр Кохир Расулзода чыгып кеткен.

«Нурек ГЭСи өлкөнүн ¾ бөлүгүнөн көбүн электр энергиясы менен камсыздайт. Такталбаган маалыматтарга караганда, маанилүү ГЭСтеги авария өлкөнүн 90 пайызын суусуз калтырып коюшу ыктымал эле. Бирок расмий түрдө бул маалыматтык ырастоо мүмкүн болбой турат», — деп жазат «Озоди».

«Спутник Тажикистан» басылмасы окуя боюнча эки версияны болжолдоодо. Чындыкка жакыныраагы — ЛЭП 500дөгү авария. Ал өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн жарык менен камсыз кылат.

Башка версия боюнча, өлкө бийлиги алдын ала камсызданып, Вахш дарыясында атайын жардыруу убагында Тажикстанда электрди үч саатка «өчүргөн». Вахш дарыясында 29-октябрь күнү Рогун гидроэлектр станциясын куруу боюнча иштер башталган.

Рогун ГЭСинин Тажикистан үчүн мааниси канчалык?

Тажикистандын өкмөтү Рогун ГЭСинин курулушун маанилүү окуя деп атоодо, анткени өлкө ар жылы электр жарыгынын дефицитине кабылат.

Рогун ГЭСи.

Тажик бийлигинин бир канча жылдан берки инвестор издөө аракети жыйынтык бербеген соң ГЭСти өз алдынча курууну чечкенин билдиришкен. 2010-жылы Рогун ГЭСинин акцияларын сатууну жарыялашып, үч айдын ичинде 186 миллион доллар топтогонго үлгүрүшкөн.

Вахш дарыясындагы Рогун ГЭСинин плотинасын көтөрүү иштери 29-октябрда башталган. Тажик адистери болжолдошкондой, ар жылы ГЭС саатына 17 миллиард киловаттка чейин электр энергиясын өндүрүп чыгармакчы.

Тажикистан бийлигинин ою боюнча, электр энергиясынын мынчалык көлөмүн өндүрүп чыгаруу бир гана бүткүл Тажикстан үчүн эмес, Афганистан менен Пакистанды да жарык менен камсыздоого жетет.

Планга ылайык, Рогун ГЭСинин биринчи агреагаты 2018-жылы ишке берилет. Калган агрегаттары курулуш иштеринин жүрүшүнө карап ишке берилмекчи.

Электр станциясынын курулушуна катышкан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон белгилегендей, Рогун ГЭСи аймактагы бардык мамлекеттердин пайдасына алып бармакчы — Тажикстан коңшуларын суусуз калтыруу ниетинде эмес.

Рогун ГЭСинин долбоору Өзбекстандын бийлиги тарабынан катуу сынга алынууда. Электр станциясынын ишмердүүлүгү Өзбекстандын агрардык өнөр-жайына таасир этиши мүмкүн деп кооптонууда.

Эл аралык серепчилердин ою боюнча, Рогун ГЭСи Вахш жана Амударыя сууларынын деңгээлине таасир этет. Мунун Өзбекстандын суу, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугу үчүн кыйратуучулук орду бар.

Сүрөт: Бехруз Зеваров