Appleге каршы Microsoft: Кимисинин жаңы ноутбугу жакшыраак?

Эки америкалык корпорация өздөрүнүн MacBook Pro жана Surface Book деген башкы ноутбуктарынын жаңы версияларын көрсөтүштү. Биз аларды пункт-пункт кылып салыштырып, алардын оң жана терс жактарын талкуулайбыз.

Microsoft жаңы эле «бирөөндө баары бар» толук баалуу компьютерин жана өзүнүн Surface Book ноутбугунун жаңыдан жасалып чыкканын жарыялады.

Apple MacBook Pro ноутбугун кайрадан нөлдөн баштап жасап, аны айтылуу MacBook Airдын ордуна алып чыкты.

Эки лептоптун тең оң жана терс жактары бар, эми кийинки жылы алар кимге кубаттуу жана портативдүү ишкер машине керек болсо, ошолордун капчыгы үчүн түздөн түз атаандашат.

Жасалгасы

MacBook Pro: Apple чыгарган жаңы мыкты лэптоптун ичи гана эмес, тышы да катуу өзгөрдү. Эми ал былтыркы 12 дюймдук MacBookту эске салат — көз көнө элек түстөр, кыска, так форм-фактор жана лептоптун капкагындагы мындан ары күйбөй калган алманын сүрөтү.

Surface Book: Ноутбуктун Microsoft кайра жасап чыккан түрү — бул кичинекей ыңкылап эмей эле, булчуң өстүрүүгө көбүрөөк окшоп кетет. Жаңы Surface Book сыртынан анча деле өзгөргөн эмес (дисплей менен клавиатуранын ортосундагы жылчык тарый түшкөнүн эске албаганда). Бирок лептоптун биринчи версиясы былтыр жарыяланса деле, ал дагы эле көзгө башкача көрүнөт.

Өндүрүмдүүлүгү жана баалары

MacBook Pro: Өндүрүмдүүлүгү жагынан Apple ноутбуктары кыйла ийкемдүү. Моделине жана комплектациясына жараша 2.0-гигагерцтик i5 процессору бар, күжүрмөн эстутуму 8 гигабайт, ички SSD эстутуму 256 гигабайт болгон спарталыктардай MacBook сатып алса болот. Мындай машина 1500 доллар турат. Капчыкты кага түшсө, 2.7-гигагерцти к i7, 16 гигабайт күжүрмөн жана 2 терабайт SSD эстутумга жеткирсе болот. Бул версиянын 15 дюйм экраны болот, ал 4200 доллар турат.

Surface Book: Microsoft дагы алармандарга тандоо эркиндигин берет. Жаңы Surface Bookту i5 же i7 процессорлору менен, 8 же 16 гигабайттык күжүрмөн эстутуму менен, 128 гигабайттан 1 терабайтка чейинки SSD эстутуму менен жана интеграцияланган Intel же кесипкөй Nvidia видеокартасы менен алса болот.

Surfaceтин баалар диапазону төмөнүрөөк: баасы 1500 доллардан башталып, эң мыкты модели үчүн 3300 долларга чейин көтөрүлүп жүрүп отурат.

Дисплейи

MacBook Pro: Адатта «Про» эки өлчөмдө болот: экрандары 13 же 15 дюйм. Appleдегилер жаңы MacBook Pro үчүн алар компаниянын тарыхындагы эң мыкты дисплей жасашканын айтып жатышат. Эки моделде тең Retina-экрандар орнотулган — бул болсо пикселдер көзгө көрүнбөйт деген сөз.

Surface Book: Microsoft чыгарган лэптоп бир гана өлчөмдө кетет: анын экраны 13 дюйм. Кагазда Surface Bookтун дисплейдин чечилиши боюнча мүнөздөмөсү мыкты — майкрософттун ноутбугунда MacBook Proго салыштырмалуу дюймга пиксели көбүрөөк. Анткен менен алармандар он-жыйырма PPI (pixels per inch, дюймга пиксель) байкашпайт деле.

Софт

MacBook Pro: Siri колдонулган macOS Sierraнын акыркы версиясы.

Surface Book: Cortana (Microsoft чыгарган Siriнин аналогу) колдонулган Windows 10 Proнун акыркы версиясы.

Порттор жана өз алдынча иш убактысы

MacBook Pro: Төрт USB-C порту жана кулакчындар үчүн 3.5 миллиметрлик чыгыш. Батарея дүрмөттөлгөн соң 10 саат иштей алат.

Surface Book: USB 3.0. эки чыгышы. SD-карта үчүн порт. Эки Mini DisplayPort. Кулакчындар үчүн 3.5 миллиметрлик чыгыш. Батарея дүрмөттөлгөн соң 16 саат иштей алат.

Оң жактары

MacBook Pro: Apple жарыялаган негизги артыкчылык — бир катар иш баскычтарынын ордуна сенсордук тачбар. Эми MacBook Proдо клавиатуранын үстүндө узун кара тилке турат, анда жигердүү тиркемеге жараша атайын сүрөтчөлөр күйүп турат.

Photosто фотосүрөт кесип жатасыңарбы? Тачбарда Сизге сүрөттү бурууну сунуш кылышат. Мэссенджерде жазышып атасыңарбы? Үстүндө жылмайган эмодзилер пайда болот.

Мындан тышкары, жаңы тачбардын оң жагында Touch ID пайда болду, анын жардамы менен авторлошуп, Интернетте кызматтарды сатып алып, колдонуучуларды алмаштырып турса болот.

Эми Touch Barда койкоюп турган клавиатуранын өзү да сырт келбети өзгөргөн. Эми ал баттерфляй-технология боюнча иштеп, анда 12-дюймдук MacBook колдонулат. Анын шарапаты менен клавишалардын «жүрүшү» азайып, анын эсебинен ноутбук мурдагыдан да жукараак болуп калды.

Калыңдык демекчи — жаңы MacBook Pro чын эле жука (болгону 14.9 мм). 13-дюймдук көлөмү жагынан MacBook Airден жука жана кичирээк, болгону 1,3 килограммдай салмагы бар.

Клавиатурадан бошогон орундун эсебинен MacBook Pro чоң трекпад койдурду. Ал мурдагысынан эки эсе чоң болуп калды.

Surface Book: Бул гаджеттин негизги оң жагы анын гибриддүүлүгүндө. Бул бир эле учурда ноутбук жана кааласаң планшет. Surface Book сенсордук экраны тулкудан оңой ажыратылып, өзүнчө иштей берет.

Microsoft Surface Bookту Apple лептопторуна түз альтернатива катары көрсөтүп жатат. Андан тышкары бул гаджет менен компания iPad Proгону да чапчый кетет: бардык дизайнерлерге, артисттерге жана архитекторлорго атайын калемсап сатып алып, Bookту иш аспабы катары пайдаланууну сунуш кылат.

Терс жактары

MacBook Pro: Порттор.

MacBook Proдо портторго байланышкан абал аябай татаал.

Анда 4 USB-C чыгышы бар, бирок маселе ушундай стандарт менен жабдылган гаджеттер жана аксессуарлар аз экендигинде. Анын келечеги кең деп айтышууда, бирок бүгүн ал жарды порт боюнча турат.

Андыктан жаңы Pro сатып алып жатканда бир-эки өткөрмө сатып алышка да туура келет. Мисалы кадимки USBге, HDMIге чыгууга жана Mini DisplayPortко. Андан тышкары SD-картридер да зарыл болот болуш керек. Мындай комплект кошумча 170 долларды талап кылат.

Жаңы MacBook Proнун бардык порттору

Маселе MacBook Pro тышкы гаджеттер менен жакшы айкалышпай жатканында эле эмес. Мисалы, ага жаңы iPhone 7ни туташтырууга болбойт, ал Lightning-USB зымы менен кошо сатылат. Ал үчун адаптер керек.

Башка мисал: жаңы MacBook Proго 3,5-мм чыгышы жок жаңы жылтырак «айфон» үчүн сатып алынган жаңы Lightning-кулакчындарды туташтыруу мүмкүн эмес.

Surface Book: Кичинекей, бирок олуттуу жагдай (аны чечүүгө Microsoft өзү да аракет кылууда) — бул экран менен клавиатуранын ортосундагы жылчык. Жабык турса ал жакта чаң жана башка керексиз нерселер топтоло берет.

Surface Bookту тилдеп жатышканынын дагы бир себеби — анын эргономикасы. Ноутбукту колдонуу оңой болсо да, ал туруксуз сезилет: оор дисплей бир нерсе тийген сайын силкинип турат.

Жалпысынан Surface Book бир топ эле опсуз. Ал кыйла калың (23 мм), оор ( 1,5 килограммдан оор) жана жаңы 13 дюймдук MacBook Proго караганда көлөмү жагынан чоң.