Атамбаев референдумду өткөрүү жол-жобосун жактырды

Президент Алмазбек Атамбаев жалпы элдик добуш берүүнүн жол-жобосун сүрөттөгөн «Референдум жөнүндө» мыйзамга кол койду. Парламент мыйзам долбоорун 26-октябрда колдогон. Ал жол-жобонун бузулушуна байланыштуу депутаттар арасында талаш-тартыш жаратып келген.

«Референдум жөнүндө» мыйзам референдум өткөрүүнүн жол-жобосун баяндайт, ага ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү электрондук урналарды пайдалануу менен өтөт.

Документ референдум демилгесин көтөрүүнүн жол-жобосун жеңилдететет — эми жалпы элдик добуш берүү жол-жобосун башташ үчүн 300 миң эмес, 10 миң гана кишинин кол белгиси зарыл.

Бирок референдум өтөөрдө парламент жалпы элдик добуш берүүгө алынып чыгып жаткан маселелерди карайт.

Бул мыйзам долбоору 11-декабрда жергиликтүү кеңештерди жайлоо менен бирге пландалып жаткан Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүүгө жол ачат.

«Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн күнүн дайындоо тууралуу мыйзам долбоору менен бир учурда каралган.

Жол-жобо боюнча, адегенде референдумдун тартибин аныктаган мыйзам кабыл алып, андан кийин жалпы элдик добуш берүүнүн дайындалышын жана Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү караш керек эле.

Референдумдун убактысын дайындоо жана Конституцияга түзөтүү киргизүү жөнүндө мыйзамды парламенттегилер 2-ноябрда соңку окууда карашат.

Жол-жобо бузулгандыктан чыккан талаштар

Парламентте каралып жатканда «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттардын арасында талаш жаратты.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы жана мыйзам долбоорун сунуш кылгандардын бири Өмүрбек Текебаев документти кароого каршы чыгып, аны ал «шашылыш» кабыл алынып жатканы менен түшүндүрдү.

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова мыйзам долбооруна каршы нааразылык иретинде конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламент комитетинин жыйынынан чыгып кетти.

Ал ошондо регламентте каралган экспертизалар жана талкуулар өткөрүлбөсө деле депутаттар бул мыйзам долбоорун «ачык жана уят-сыйытсыз эле сүйрөп өтүүгөаракет кылышканын» билдирген.

«Эгерде мыйзам бузулган болсо, анда эмнеге биз дегеле бул маселени карап жатабыз жана эмне үчүн силер аны добушка коюп жатасыңар? Эл баарын көрүп турат да. Депутаттар президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнө айланып калышты. Мен бул мыйзам долбооруна каршы чыкканым жок, мен жардам берейин эле деп атам. Мыйзам долбоорун жол-жобону бузбай кабыл алууга жардам берейин деп атам», — деп, ал жыйындар залынан чыгып кеткен.

Депутаттар мыйзам долбоорун акыркы, үчүнчү окууга жиберишкен соң, аны экинчи окууга жиберишке туура келген, анткени парламенттик угуулар өткөрүлгөн эмес, ал болсо мыйзам бузуу болуп саналат.