Эмне үчүн жалбырактарды өрттөгөнгө болбойт жана аларды эмне кылыш керек?

Бишкекте күздүн аяк ченинде түтүн көп болот. Көп батирлүү жана менчик үйлөрдүн короолорунда жерге түшкөн жалбырактар өрттөлүп, алардын түтүнү бүтүндөй райондорду каптап эле жатып калат. Эмне үчүн жалбырактарды өрттөгөнгө болбойт жана аларды эмне кылыш керек?

Материалдын түп нускасы Ливень сайтында жарык көргөн. Автору: Виталий Белошапкин.

От жагуу — бишкектиктердин тымызын кышты тоскон жөрөлгөсү. Анткен менен жалбырактарды өрттөө айлана-чөйрөгө бир топ зыян келтирет. Бул жалпы көрүнүш экенин жана ага миңдеген шаардыктар катышаарын эске алсак, жагылган оттордун зыянын шаарга өнөр жай ишканалары тийгизген зыянга салыштырса болот.

Көп сандагы жалбырактар күйүп жатканда эмне болот жана биз түтүнгө кошо кандай зыяндуу заттар менен дем алып жатабыз?

Өрттөгөнгө салыштырмалуу алда канча аз убакыт жана күч талап кылган,  экологиялуу, алда канча ылайыктуу ыкмадан бери дегенде үчөө бар.

Көөмп салуу

Керектүү өлчөмдөгү чуңкур казып алып, жалбырактарды ошого төгөбүз. Устүнө топурак салабыз. Көмүлгөн жалбырак жазга жуук пайдалуу чириндиге айланат. Агрономдордун айтымында жалбырактын чириндисинде азот менен фосфордун өлчөмү уйдун кыгынан кем калышпайт.

Компосттук чуңкурлар

Эгерде менчик үйдө жашап жатсаңыз, жалбырактардан компост жасап чыкса болот. Тереңдиги бир метр, узундугу бир жарым-эки, туурасы үч метр чуңкур казабыз. Чуңкурдун беттеринен ар тарабынан 20 сантиметрче чегинип, ичинде жыгач куту жасайбыз. Бурчтарына төрт мамы сайып, аларга тактай кадайбыз. Компосттун бардык катмарларына жел өтүшү үчүн тактайлардын ортосунда беш сантиметрлик жылчык калтырабыз. Түбүнө жоон бутактарды, кабыктарды жана саманды салабыз - 10-15 сантиметр болушу керек. Ал ашыкча нымды тартып кете турган дренаж болот. Курулуштун үстүн чел кабык менен жабабыз, ал буу чыгарбай тердетип турат. Эми чыдаш гана керек - жалбырактарды компостко айландыруу эки жылга чейинки убакытты алат.

Жалбырактарды өткөрүү

Жер казгыңар келбесе, жалбырактарды шаардык оранжереяларга алып чыкса болот. Ал үчүн «Жашылдандыруукурулушка» 0 (312) 37-53-30 телефону боюнча кайрылыш керек. «Жашылдандыруукурулуш» — бул Бишкектеги бакчалардын жана парктардын өнүгүшү, жашылдандыруу жана сугат үчүн жооп берген муниципалдык ишкана.