«Манаста» бомба табылган жок, аба майданынын иши калыбына келүүдө

Эл аралык «Манас» аба майданында коюлган бомба тууралуу маалымат ырасталган жок. Имаратка жүргүнчүлөр каттоого киргизилип жатышат.

24.kg маалымат агенттиги «Манас» аба майданында бомба коюлганы тууралуу маалыматты УКМК төгүнгө чыгарганын билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, саперлор аба майданынын аймагында жардыргыч түзмөк жок экенин ырасташты. Имаратка жүргүнчүлөр киргизиле баштады.

Аба майданынан учактар кечки саат бештен бери учпай калган. Бардыгы болуп он рейс токтотулган, анын ичинде экөө ички, бешөө Орусиянын шаарларына, бирөө Кашкарга (Кытай) жана бирөөсү Алматыга (Казакстан) болчу.

Укук коргоо органдары жардыргыч түзмөктү эки сааттан ашык издеп таппай коюшкан.

Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо болжол менен 16:30да башталган. Эвакуацияланган жүргүнчүлөрдүн бири аты-жөнүн билдирбестен ошол төрт саат бою жүргүнчүлөр көчөдө турушканын, аларга ал тургай суу да берилбегенин Kloop.kgге айтып берди.

УКМКнын басма сөз кызматы учакта жардыргыч түзмөк коюлганы тууралуу белгисиз бирөөлөр ИИМдин күзөт бөлүгүнө 16:15те телефон чалышканын билдирген.

Бомба тууралуу билдирүү Бишкекте 3-ноябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар жыйынына саналуу күндөр калганда келип түшкөн.