Карта: 2-3-ноябрда Бишкектин кайсы көчөлөрү жабылат?

Бишкекте 2-3-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөт башчыларынын жолугушуусу болот. Ага катышкан өлкөлөрдүн башчыларынын келишине жана жүрүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат.

ШКУнун саммитинин биринчи жыйыны Бишкекте 3-ноябрда өтөт. Катышуучу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстанга 2-ноябрда келишет. Мамлекеттердин жетекчилеринин келишине жана жүрүшүнө байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат.

«Манас» аба майданынан Бишкекке чейинки жолдогу кыймыл убактылуу токтотулат.

Фучик көчөсү Жибек Жолу проспектине чейин жабылат.

Жибек Жолу проспекти Фучик көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин жабылат.

Тынчтык проспектинде (ар кайсы кесилиштеринде Манас проспекти жана Чыңгыз Айтматов проспекти) кыймыл Жибек Жолунан тартып резиденциянын өзүнө чейин токтотулат.

Чүй проспекти Манас Проспектинен Жусуп Абдрахманов (Совет) көчөсүнө чейин жабылат.

Абдрахманов көчөсү Чүй проспектинен Абдымомунов көчөсүнө чейин жабылат.

Абсамат Масалиев көчөсү Манас проспекти менен кесилишкен жеринен тартып Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин жабылат.

Ички иштер министрлиги ШКУнун саммитин өткөрүүгө байланыштуу шаардыктарды кыймылдын чектелишине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.