Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны алмаштыргысы келип, адам укуктарына жана бийлик бутактарына тиешелүү өзгөрүүлөрдүн бүтүндөй топтомун сунуш кылып жатат. Эмне өзгөрүп, кыргызстандыктарга ал кандай таасир этет?
Президент Алмазбек Атамбаев, анын администрациясы жана парламент депутаттарынын көбү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизгиси келишет. Азыркы редакцияда алар авторитардык режим жаратууга өбөлгө түзө турган «миналарды» көрүшүүдө.
Түзөтүүгө каршы чыккан Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, активисттер, коомдук ишмерлер жана парламенттин айрым азыркы депутаттары өзгөрүүлөрдүн өзүнө да, бийлик реформа жүргүзө турган кыска мөөнөткө да макул эмес.
Түзөтүүлөр референдумга коюлган атат — демек, аларды кабыл алыш же кабыл албаш керек экенин Кыргызстандын бардык жарандары жалпы элдик добуш берүү аркылуу чечишет.
Адамдын укуктары жана эркиндиги
- Эл аралык чечимдерди аткаруудан баш тартуу
Азыр Кыргызстанда эл аралык соттордун чечимдери жергиликтүү соттордун чечимдеринен жогору турат — бул адам укуктары боюнча республика кол койгон эл аралык келишимдерде жазылган. Эгерде Конституцияга түзөтүүлөр киргизилип калса, кыргыз сотторунун чечими эл аралык уюмдардын чечиминен жогору туруп калат.
Бул иш жүзүндө кантип жүзөгө ашат? Азыр эгерде кыргызстандык жаран өз мекенинде соттолсо жана ал сот чечими адилетсиз болду деп эсептесе, ал эл аралык сотторго кайрыла алат. Эгерде ал сот соттолгон кишини жактап чыкса, Кыргызстан ошол чечимге баш ийүүгө милдеттүү.
Түзөтүүлөрдөн кийин Кыргызстандын соттору эл аралык соттордун чечимин көңүлгө албай деле койсо болот. Ал эми адилетсиз соттолгондор калыс чечимге жете албай калышат.
- Кандай себептер менен адамдын укуктары чектелиши мүмкүн?
Конституциянын азыркы редакциясына ылайык, адам укуктары улуттук коопсуздук, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калктын ден соолугун жана адебин сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндигин коргоо максатында чектелиши мүмкүн.
Бийлик бул тизмени «аскердик жана башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүгү» менен толуктагысы келип жатат. Ал эмнени билдирээри, кантип колдонулаары жана кимге тиешелүү болоору — аскерлер менен мамлекеттик кызматкерлерге элеби же Кыргызстандын башка жарандарына дагыбы — азырынча белгисиз.
- Кылмыш мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу
Азыр кылмыш кылган адамдар кылмыш мөөнөтү эскиргенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн (ал мөөнөттөр кылмыштын оордугуна жараша мыйзам менен аныкталат).
Түзөтүүлөрдө геноцидге — элдерди же калктын топторун кайсы бир белгилерине жараша кырууга — жана экоцидге — жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жапырт кырууга же атмосфераны же сууну ууландырууга — карата эскирүү мөөнөтүн колдонбош керек деп сунуш кылынууда.
Ошондой эле түзөтүүлөр кабыл алынган күндө мөөнөтү эскирбей турган бул тизмеге Кумтөр алтын кениндеги кызматтык кылмыштар кирмекчи. Жалпы мамлекеттин бардык ишин жөнгө сала турган Баш мыйзамда конкреттүү иш жана конкреттүү ишкана сөз болушу — таң калыштуу прецедент.
- Нике жана үй-бүлө
Өзгөртүлгөн Конституцияда нике эркек менен аялдын ортосунда гана болушу мүмкүн экени көрсөтүлөт. Азыр Баш мыйзамда нике деп жынысын көрсөтпөстөн эки адамдын биримдиги эсептелет.
Конституцияны өзгөртүүнүн тарапкерлери бул түзөтүү бир жыныстагылардын никесин каттоого тыюу салат деп айтышууда. Бирок Кыргызстанда андай нике бир да жолу катталган деле эмес, анткени Үй-бүлөлүк кодексте нике эркек менен аялдын биримдиги катары буга чейин эле аныкталган.
- Жарандык
Түзөтүүлөрдөн кийин мамлекет кыргызстандыктарды жарандыктан ажырата алат. Бийлик муну "терроризм менен күрөш" менен түшүндүрүүдө —
жарандыгы жок кишилер дүйнө жүзүндө жүрө алышпайт.
Түзөтүүдө жарандыктан ажыратуунун конкреттүү негизи жана жарандыктан ажырата турган орган жазылган эмес. Андыктан айрым саясат таануучулар бул берене кысымга кызмат кылышы мүмкүн деп эсептешет. Анткени эгерде сиз бийликте болсоңуз, сиз жакпаган кишилерди жарандыктан чыгара берсеңиз болот.
Чындыгында жарандыктан ажыратуу мүмкүнчүлүгү жарандык тууралуу мыйзамда бар, бирок андай чара колдонула элек, анткени ал Конституцияда каралган эмес. Демек, бул түзөтүү буга чейинки кабыл алынган мыйзамды Конституцияга ылайыктоого багытталган.
Бийлик бутактарын алсыратуу же күчтөндүрүү
- Премьер-министрдин ыйгарым укуктары
Түзөтүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүп, парламентти алсыратууга алып келиши мүмкүн. Айрым эксперттер менен юристтердин пикиринде, бул парламентти өкмөттөн көз каранды кылып коюшу ыктымал.
Эгерде түзөтүүлөр күчүнө кирсе, парламенттин депутаты бир эле учурда өкмөт башчысы же вице-премьер-министр боло алат. Эгерде депутат ушул кызматтардын бирин ээлесе, ал парламенттин жыйындарында деле добуш бере берет. Ал эми эгерде аны бул кызматтан алып салышса, ал депутат болуп иштей берет.
Бийлик бутактары бөлүнгөн демократиялуу өлкөлөрдө өкмөт парламентке отчет берип, анын көзөмөлү астында болот. Демек, премьер-министр же вице-премьер, ошол эле учурда депутат болуп, өкмөттө иштеп жатканда өздөрүнө өздөрү отчет бериши керек болуп калат.
Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин премьер-министр парламенттин алдында жылына эки жолу өкмөткө ишеним көргөзбөө тууралуу маселе кое алат (азыр ал жылына бир жолу гана ошенте алат) жана өкмөт мүчөлөрүн өз алдынча дайындап же кызматтан бошото алат (азыр аны президент кылат).
Премьер-министр ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын катыштырбастан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындап же иштен бошото алат.
Кийинки сөз болгон түзөтүү парламенттин ролун алсыратат, анткени жер-жерлердеги депутаттар кадр саясатына таасир эте албай калышат.
- Бийликтин сот бутагы
Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр судьялык кызматка талакерлер үчүн «белгилүү бир чектөөлөрдү» коюуну сунуш кылышууда, бирок кандай чектөөлөр тууралуу кеп болуп жатканы айтылбайт.
Түзөтүүлөр кабыл алынса парламент ага керектүү чектөөлөрдү, мисалы, кат алышуунун жашыруундугунан баш тартууну талап кылган мыйзамды кабыл алып же судьялыкка талакерлерди алардын телефонун тыңшоого макул болууга милдеттендириши ыктымал. Бул судьялардын өз алдынчалыгына терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Президенттин судьялар корпусуна тийгизген таасири күчөшү ыктымал — ал жергиликтүү судьяларды бир соттон экинчисине которо алат — ошентип бийликке жакпаган судьяларды «жазаласа» болот. Мурда судьялардын ротациясы (орун которушу) менен Сот тандоо кеңеши алек болчу.
Азыр судьялардын мыйзам бузушу Соттор кеңешинде каралат. Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр Соттор кеңешинин алдында ушуну менен алек боло турган Тартип комиссиясын тузүүнү караштырат. Ал президент, парламент жана Соттор кеңеши тарабынан түзүлөт. Бул комиссияда президент менен парламенттин өкүлдөрүнүн болушу судьяларга таасир этүүнүн каражатын камсыз кылат.
Жогорку сот сот практикасы боюнча түшүндүрмө берет, азыр алар кеңеш мүнөзүнө ээ, бирок түзөтүүлөрдө алардын бардык соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болушу сунуш кылынууда.
Бул түзөтүү соттор өз алдынча болуп, Башмыйзамдын өзүн гана жетекчиликке алышы керек болгон Конституциянын өзүнө каршы келиши мүмкүн.
- Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары
Түзөтүүлөр киргизилген соң Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштерин өкмөткө көз каранды болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка жана Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп бериши керек болот.
Бул түзөтүү мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөштүн сапатын начарлатышы мүмкүн — ал кабыл алынгандан кийин өкмөттүн көзөмөлүндөгү мекемелер өкмөттүн өзүнүн өкүлдөрүнө каршы кылмыш иштерин тергей турган болуп, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы келип чыгат.