Мосул үчүн салгылаш: Ирактын атайын аскерлери шаарга кирди

Ирак армиясы жана күрт кошуундары өлкөнүн түндүгүндөгү ИГИЛ басып алган Мосул шаарына киришти. Атайын аскерлер ал жактан алар менен эки жумадан бери согушуп жаткан «Ислам мамлекетинин» жоочуларын кууп чыгууга аракет кылышууда.

Ирак аскерлери Мосулга киришти. Фотосүрөт: The Independent.

Ирактын аскер күчтөрү 31-октябрда Мосулдун чыгыш району болгон Карамага киришти. Бул тууралуу Reuters Ирак армиясынын генералы Виссам Аражиге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Өкмөттүк аскерлердин Мосулда пайда болушу али шаар кайтарылып алынды дегенди билдирбейт. Ирак жана күрт кошуундары Мосулдун көп бөлүгүн бошотушу керек — жылыш жай болуп, ар бир көчө үчүн согуш жүрүүдө.

Ирак армиясы шаардын али бир топ бөлүгүн бошотушу керек. Фотосүрөт: First.

«Биз террорчуларды бардык жагынан курчап алып, Кудай буюрса жыландын башын кесебиз. Алар качып кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү шарты болбойт. Алар же багынып бергенди, же өлүмдү тандашы керек», – деп билдирди Ирактын премьер-министри Хайдер Аль-Абади.

Мосулдуктар кирип жаткан армияны терезесине ак желек коюп тосуп алышууда — бул болсо алар өкмөттүк аскерлерге каршылык көрсөтпөй тургандыгын билдирет.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы ИГИЛдин жоочулары жергиликтүү элди жандуу калкан катары пайдаланып жатышканын билдирди.

Пешмерга кошуундарынын аскерлери Мосулдун тургундарына жанын сактап калууга жардам беришүүдө. Фотосүрөт: ISIS — liveuamap.

Ирак аскерлерине каршы согушуп жатып, ИГИЛдин жоочулары миналанган жолтандабастардагы жанкечтилерди жана миномётту пайдаланышууда. Бирок Ирак командачылыгынын айтымында, жанкечтилердин аракеттери азырынча чоң жоготууларга деле алып келген жок.

Мосулду бошотуу боюнча операция 17-октябрда башталган. Ирак артиллериясы шаарды 16-октябрдын таңынан тартып аткылай баштаган.

Мосулдан качкан балдар. Фотосүрөт: IBTimes UK.

Ирактын жетекчилиги Мосулду бошотуу Ирактагы «Ислам мамлекетин» жеңип чыгууга барабар боло тургандыгын жарыя кылды. Шаар 2014-жылдын июнунан бери ИГИЛдин көзөмөлүндө. Мосул — көлөмү жагынан Ирактын экинчи шаары жана эл аралык коалиция менен кошо Ирак армиясы чабуул койгондон кийин ИГИЛдин көзөмөлүндө калган акыркы шаар.

ИГИЛ — бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик катары таанылган уюм. «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу боюнча» иш жүргүзөт. Уюм өз каршылаштарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал адамдарды көз көрүүнө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.


Тема боюнча: