«Жалгыз досун уурдап кетишти». Милиция БЦШ менен ооруган баланын уурдалган хаски итин издеп жатат

Балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШ) менен ооруган баланын сибирдик хаски тукумундагы ити уурдалды. Ит баланын бирден бир досу болчу. Ал жоголгондон кийин баланын оорусу кармап калды. Милиция итти издеп жүрөт.

Ит 31-октябрда Военно-Антоновка айылында, «Азамат» автобазарынын жанында жоголгон — белгисиз уурулар БЦШ менен ооруган баланын Дива аттуу сибирлик хаски тукумундагы итин уурдап кетишкен.

Баланын энеси Ксения Kloop.kgге бала ити жоголгондон кийин долусу кармап көпкө чейин тынчыбай койгонун, 1-ноябрда таңкы төрткө чейин Диваны издей бергенин айтты.

«Ал аябай катуу капа болуп, таңга маал тарамышы карышып, талып жатып калды. Азыр биз аны алаксытууга аракет кылып атабыз, бирок андан майнап чыга элек, ал иттин бош жаткан капасын көрүп алып эле тынчыбай атат», — деди ал.

Үй-бүлөнүн досу Александр Павлухин Kloop.kgге мурунку күнү ит табылбай койгонун айтты. Диваны издеш үчүн милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылды, алар жоголгон ит жөнүндө жарыяларды чаптап, кошуналарды сурамжылап жүрүшөт.

«Баланын энеси мага чалып, анан биз милицияга кайрылдык, өзүбүз кечээ күнү бою жарыя чаптадык, бизге ыктыярчылар да кошулду. Азыр биз Диваны издеп атабыз. Бизде итти ким уурдаганы тууралуу божомол бар, бирок аны менен укук коргоо органдары иштеши керек. Азырынча тергөөчүлөр анча ашыккан жок», — деди ал.

Павлухиндин айтымында, бала «мыкты жана жападан жалгыз досун» жоготуп алып абдан кыйналып атат. Ал баланын итке аябай байланып калганын айтты.

«Бала дээрлик баспайт, муундап сүйлөйт, бирок ал [ити] аны түшүнчү, ал тургай керебетинин жанында уктачу. Ал ошону менен гана ойноп, сүйлөшчү», — деди үй-бүлөнүн досу.

Анын айтымында, итти баланын көзүнчө эле уурдап кетишкен, андыктан ал «жаны жай таппай атат». Павлухин итти атайын үйрөтүп, Жаңы жылга карата белек кылганын айтты.

«Дива деген бул иттин толук аты — Тянь-Шандын Кар Сыйкыры Дива — мен аны балага атайы 11 ай бою даярдап бергем. Баланы жарадар кылып салбашы, балага кам көрүшү, ит жыттанбашы жана анын бөлмөсүндө жашашы үчүн баарын эсептеп чыккам. Андан тышкары, паркка алып барып балдар менен ойнотуп, балдарга көндүргөм», — деди ал.

Сокулук РИИБнин тергөөчүсү Ришат Иманалиев милиция азыр иттин жоголушуна коңшулардын тиешеси бар-жогун текшерип жатканын Kloop.kgге кабарлады.

«Азыр балдар итти кошунанын баласы уурдап кеткендиги тууралуу версияны текшерип жатышат. Иттин жоголгону тууралуу арыз түшөөрү менен биз ар кайсы версияларды текшере баштадык. Бирок ит азырынча эч жерде жок. Биз издөөнү улантып жатабыз», — деди ал.

Бул ит тууралуу маалыматка акча төлөнөт, маалымат берген кишинин жашыруун калышына кепилдик берилет. Тел.: (0550) 51-36-31 же (0555) 47-92-79.