Бишкекте 100 жыл ичиндеги эң ысык ноябрь болуп жатат

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-ноябрда Бишкекте абанын температурасы Цельсий боюнча 28,5 градус болгон. Метеорологдордун айтымында, бул 100 жыл ичиндеги ноябрь айларынын температуралык рекорду болуп калды.

Метео божомолдор бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Юлия Алькина Kloop.kgге 2-ноябрда температуралык рекорд коюлуп, Цельсий боюнча 28,5 градуска жеткенин айтты.

Алькинанын айтымында, метеорологдор Бишкектеги температурага 1898-жылдан бери көз салып келатышат, ошончо убакыт бою ноябрдын башында мынчалык жогору көрсөткүч болгон эмес.

«Айдын абсолюттук мааниси өз чегинен ашты. Акыркы жолу 27,9 градус 2009-жылы байкалган. Жалпысынан бизде 1898-жылдан берки маалыматтар бар. Демек ошондо бул жүз жылдан ашуун убакыттан бери ноябрь үчүн рекорд болуп эсептелет», — деди ал.

Алькина ноябрда Бишкекте аба 28 градустан ашык ысый турганына көзү жетпейт. Анын айтымында, 6-ноябрга чейин Бишкекте суук түшөт, бирок андан кийин температура 15 градуска чейин көтөрүлөт.

«Аба ырайы жана климаттын» маалыматына ылайык, Бишкекте ноябрдын алгачкы эки күнүндө рекорддук жылуу температура — 26,3 жана 28,5 градус жылуулук — катталган.

Ноябрдагы абанын орточо температурасы адатта Цельсий боюнча 10 градустан 15 градуска чейин болот.

Февралда АКШнын Абада сүзүү жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) 2016-жылдын январы бүт дүйнө боюнча байкалган тарыхтан бери өз маалындагы эң жылуу ай болгонун билдирген.

Ошондой эле, 2016-жылдын январында катары менен төртүнчү жолу дүйнөдө температура Цельсий боюнча бир градустан ашык көтөрүлгөн, бул кооптуу жышаан болуп эсептелет.

Сүрөт: flickr, coniferconifer