Hypeтын тегерегинде: Vine жана анын түзүүчүлөрү эмне болду?

Twitter коомдук түйүнүнө таандык кыска видеолордун Vine кызматы жабылып калды. Vine жакын арада иштебей калат, эми аны түзгөндөр Hype стримингдик стартабын түзүшмөкчү. Ушул кыйынчылыктар тууралуу биздин материалда.

Twitter Vineды өлтүрдү

Алты секунддук видеороликтер кызматына ээлик кылган Twitter Vineды жапмакчы. Бул кызматтын иши токтой турган так күнү белгисиз. Жакынкы айларда ошондой болот деп кабарланып жатат.

Play Market жана App Store дүкөндөрүнөн чөнтөк түзмөктөр үчүн тиркемелер жоголот, бирок vine.co сайты кала берет. Мында жаңы «вайндарды» же алты секунддук кайталама роликтерди жүктөө мүмкүнчүлүгү жоюлат.

Twitterдин чечими коомдук түйүндүн маселелери менен байланышкан

Twitter коомдук желеси татаал каржылык абалда калганына бир нече жыл болду. Ошондуктан компаниянын жетекчилиги чечкиндүү кадамдарга барууда. Twitterди Alphabet холдингине (ага Google кирет) же Salesforce компаниясына сатуу жөнүндө имиштерге карабастан. Forbes коомдук түйүндүн азыркы наркын 15,7 миллиард долларга баалайт.

Компаниянын өзүндө сатуу маселесине ындыны өчүп карап турушат: Twitter азырынча өз маселесин өзү чечүүгө аракет кылууда. Коомдук түйүндүн башкы кыйынчылыктары жаңы колдонуучуларды тартууда жана кызматынан акча табууда турат (Twitter саткан жарнама жетиштүү киреше бербейт). Натыйжада коомдук түйүн узак убакыт бою миллиондогон чыгаша тартып келатат.

Андыктан Twitterдин жетекчилиги өз командасынын чыгымдарын азайтмакчы. Бул чечимдин жыйынтыгында коомдук түйүндө иштегендердин тогуз пайызынын жумуш орду кыскартылып, ЖМК эсептегендей, ошонун айынан Vine кызматы жабылууда.

Бул акыркы жылдары Twitterде болгон акыркы штат кыскартуу эмес. Дээрлик бир жыл мурун 2015-жылдын ноябрында компания кызматкерлеринин дагы 10 пайызын иштен кетирген.

Колдонуучулар эң жаркын «вайндарды» эстешти

Vine кызматынын аброю акыркы жылда түшүп баратканына карабастан (биринчи иретте бул Instagram фотокызматында видеонун пайда болушу менен байланыштуу), кыскача, көбүнчө юмористтик роликтердин маданияты так ошол жерден башталган. Азыр Instagramда же YouTubeда иштеген интернет-селебритилер азыр да өздөрүн «вайнер» деп аташат.

https://vine.co/v/MiAMY06TDUY

https://vine.co/v/iaxBEL3LBAK

https://vine.co/v/e93TjWmDZvU

https://vine.co/v/eIegupteHvd

https://vine.co/v/eVeEVIpV7U3

https://vine.co/v/hqb6VJU90U3

Колдонуучулар өздөрү бул жаңылыкты кубанычсыз кабыл алышты. Вайнерлер жана алардын ышкыбоздору кызматтын тарыхындагы эң жаркын учурларды эстешти.

Vineдын түзүүчүлөрү Hype стриминг кызматын түзүштү

Vine — Twitterдин өзгөчө кызматы эмес. Коомдук түйүн бул стартапты негиздөөчүлөрдөн 2012-жылы 30 миллион долларга сатып алышкан.

Эми Vineды түзүүчүлөрдүн ушул эле курамы Hype аттуу стартапка киришти. Жаңы долбоордун негизги идеясы — азыр Facebook, YouTube жана Periscope (Twitterге таандык башка кызмат) атаандашып жатышкан стриминг кызматтарынын базарында өз ордун ээлеп калуу.

Hypeтын өзгөчөлүгү анын интерактивдүүлүгүндө: жаңы кызмат колдонуучуларга стримди «жактырып» же комментарийлеп эле тим болбостон, добуш берүүгө катышып, «гифкаларды» жөнөтүп жана трансляциянын негизги учурларын белгилөөнү да сунуш кылат.

Жарнамалык роликке караганда, Hype экстраваганттуу интерфейси, жөнөкөй жана кыска иш милдет топтому жана өзүнө гана таандык тигинен коюлган видеолору бар Snapchatтын аудиториясын мээлеп турган түрү бар.

Башкы сүрөт: CNN