Күндүн кубанычы: Уурдалган хаски БЦШ менен ооруган балага кайтарылды

Балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруган баланын туугандарына бир нече күн мурда уурдалап кеткен Дива аттуу хаски тукумундагы ит кайтарылып берилди.

Ит 3-ноябрда жарыя боюнча табылды. Үй-бүлөнүн досу Александр Павлухин Kloop.kgге билдиргенине караганда, аларга белгисиз киши чалып, хаскини койго алмаштыргысы келген эки жигиттен алганын айткан.

«Ал жигиттин айтымында, түн ичинде ага эки жигит ит алып келип койго алмаштырмак болушкан. Итти ага калтырып кетишкен, бирок ал акчаны бербей, жетекчисине итти көрсөтүп көрүүнү сунуш кылган», — деди Павлухин.

Анын айтымында, ит жашыруун өткөрүлүп берилген — жолугушуу Бишкектен алыс жерде, Чоң Чүй каналынын артында болгон. Павлухин ал кишини сый акы абдан кызыктырганын белгиледи.

«Биз келдик, шертпулун калтырдык, ал уурулар менен байланышы бар-жогун биле турган кишилер ошол жакта калды. Милицияга билдирдик, эми алар териштириши керек», — дейт Павлухин.

Баланын энеси Ксения уулу азыр абдан бактылуу экенин айтты.

«Бала итинин кайра келгенине абдан ыраазы. Ит дароо келип жалап-жуктай баштады, баланы тааныды», — деди ал.

Энесинин айтымында, хаски «дендароо абалда».

«Аны кармаган шарт эң жаман болгон экен. Итти арканга байлап муунта кармашыптыр», — деди ал.

Ит 31-октябрда Военно-Антоновка айылындагы «Азамат» автоунаа базарынын жанында уурдалган. Итти издөөгө ыктыярчылар жана жергиликтүү милиция тартылган.

Бала ити уурдалып кеткенден кийин абдан кыйналган — энесинин айтымында, ал көпкө чейин өзүнө келе албай талып жатып калган.

Сүрөт: Irina El-Sultan