«Азаттык»: Кыргызстандыктар кантип интернетте акча табышат?

Кыргызстанда коомдук желелерди колдонуучулары бир топ акча табышат. Instagramдагы вайнерлер кимдер? YouTubeда кантип акча тапса болот? Кыргыз программисттери кантип ийгиликтүү тиркемелерди жаратышат?

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарыяланган.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) студенттери түзгөн «Кайрадан экөө» долбоору беш ай ичинде 200 миңдан ашуун жазылуучу топтоду. Долбоордун авторлорунун бири Сулайман Кулуев:

— Биринчи вайндарда Адилет экөөбүз эле ойногонбуз. Бара-бара «Кайрадан экөө» долбоору элге тааныла баштады, бирок кийин ага кыздарды кошуу зарылдыгы пайда болду. Адилет экөөбүз ар кандай ойнодук, бирок жыйынтык чыкккан жок, ошондуктан кыздарды да чакырдык. Адегенде Эмини, анан Маржанды чакырдык. Азыр командада төртөөбүз. Башка резиденттер да бар, бирок алар келип-кетишет.

Кинороликтердин авторлору — БААУнун студенттери. Адегенде алар университетте өз сюжеттерин, маданий иш-чараларды тартып келишкен, бирок кийин скетч-роликтерди тартмак болушту. Күлкүлүү скетчтер элге таанылып, ар кандай компаниялардан сунуштар түшө баштады. Алардын эрмеги студенттердин акча табуучу булагына айланды.

«Биз тартканыбызды элге көрсөтүп, кийин жакшы комментарийлерди окуп жаттык, бизге бул абдан жагымдуу болду. Бара-бара бизге компаниялар кайрыла башташты, алар биздин формат жаңы экендигин, жарнамалык вайн же скетч тарттыргысы келгенин айта башташты. Компаниялар кызыгып киришкенден кийин бизде эми буйрутмалар көп», — деди ал.

Адилет Дубаев адегенде өзүнүн үстүндө иштеп, өзүн, өз образын же өндүрүмүн жасап чыгып, андан кийин гана акча жөнүндө ойлонууга кеңеш берет.

Instagramда 500 миллиондон ашуун киши катталган, бул жерде миллиондогон акча айланат. Instagramда кантип акча тапса болот? Жарнамасы бар фотосүрөттөрдү жана жазууларды жайгаштырып, жазылуучулардын санын арбытууга аракет кылса болот. Ал тургай жактырмалар менен комментарийлерде да акча таап же өз өндүрүмүн сатса болот.

Үч баланын энеси Салтанат Ражапова ошентип баштаган, дүкөндүн ордуна анда Instagram, өнөркананын ордуна чакан бөлмөсү бар. Акчасын жана убактысын коротпош үчүн ал өз колу менен тигилген кийимдин фотосүрөтүн өз баракчасына жайгаштырат.

Мен Интернет колдонгом. Анан өз баракчамды ачтым, ага бош убактымда тиккендеримди коюп жаттым. Бир дүкөн менен келишим бар, ошол дүкөн үчүн гана тигем. Башкалар үчүн тиккенге убакыт жок, ошол жетиштүү. Азыр өз брендим үчүн тиккенге камынып жатам. Жайында дүкөндөрдөн дүң тапшырыктарды ала баштадым, тапшырыктар эки ай мурун келип жатты. Мага кыйын боло баштады. Жалгыз киши үчүн бул кыйын эле. Цехте жеңилирээк. Акыркы тапшырыктарды бүтүрүп, мен өз брендимди ачтым, — дейт ал.

Instagramда тейлөөчү кызматтарды таап, ресторандардан тамак алдырып, кийим сатып алып алса болот, башкача айтканда ал жакта күнүмдүк тиричилик үчүн керектүүнүн баары бар. Тапшырык берсең эле товарды үйүңө алып келип берип же үйдөн тейлешет.

The Farm – инвестициялык холдинг, ал өзүнө бир катар долбоорлорду — «Намба» көңүл ачуучу сайтын, «Намба Медиа» жарнама агенттигин жана башкаларды камтыйт. Холдинг жергиликтүү эле эмес, чет өлкөлүк да сайттарда компаниялардын ишин илгерилетүү менен алектенет.

Компания ондогон адамдарды иш менен камсыз кылып, салык төлөп, кадимки турмушта интернет-технологияларды колдонуунун жаңы ыкмаларын жайылтууда. 2012-жылы Бишкекте жаңы иштелмелерди колдонуп, базарда алдыңкы орунга чыккан такси кызматы иштей баштады. Namba Taxi тиркемесин кыргыз балдар ойлоп табышкан, эми алар бул программа менен башка базарларга чыгууну пландаштырып жатышат.

Namba Taxi компаниясынын жетекчиси Улукман Карабекашев:

— Былтыр Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болду. Жакында Иранга барабыз, Вьетнамда жана Кытайда сүйлөшүүлөр болот. Биз өз тиркемебизди ошол жактан көрсөткөн жатабыз. Uberдегидей же «Яндекс Таксидегидей» кызмат ачып, айдоочу менен иштебестен, технология аркылуу биздин системаны колдонушсун. Мисалы, Иранда жана Вьетнамда такси өнүккөн эмес, ал жакта эмгиче телефон жана кагаз менен иштешет.

Видеоблогерлер, анимациячылар, юмористтик роликтердин даярдоочулары Youtubeдан да акча тапса болот. Азырынча бул тармак өнүккөн эмес, бирок Курманбек Жолдошев YouTube үчүн мазмун түзүүчүлөрдүн бири. Курманбек акча табуунун кымбат жолун тандап алган десе болот. Ал 2-3 жашар балдар үчүн кыскача анимациялык фильмдерди тартат, алар негизинен Европадагы аудиторияга багытталган.

«Бул YouTubeдун күмүш баскычы, ал ийгиликтүү авторлорго берилет. Биз аны былтыр алдык. Балким быйыл алтынын жиберишет. Ал жазылуучулар миллионго жеткенде берилет, — дейт ал. — Баары бул ишти жеңил деп ойлошот. Компьютерде отура бер, кара жумуш эмес дегендей. Чындыгында анчалык оңой нерсе эмес. Биз жарым түнгө чейин иштейбиз. Тема табылса, ал эми базарда атаандаштык күчтүү болсо, мен онго жакын программаларды изилдеп, аларды жакшы билишим керек, ал эми жаман билсең, отура берип убакытты жоготушуң мүмкүн», — деди ал.