«Порошенкону бирөөлөр тамаша кылган болушу мүмкүн». Атамбаевдин администрациясы украин президенти менен сүйлөшүү болгонун төгүндөдү [жаңыртылды]

Кыргызстандын президенттик аппараты Алмазбек Атамбаев Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты четке какты. Украиналык ЖМКлар Порошенкону пранкер (шакабачы) Лексус тамаша кылышы мүмкүн экенин божомолдошту.

Кыргызстан президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Украина президентинин сайтында жарыяланган Атамбаев менен Порошенконун сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты четке какты. Билдирүү 3-ноябрда алынып салынды. 

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп айтылат Украина президентинин сайтында.

Исаков Порошенкону кимдир-бирөөлөр тамаша кылган деп божомолдоду.

Украиналык басылма Strana.ua буга чейин украин президентин шакаба чегип келген екатеринбургдук пранкер Лексус Порошенкону тамаша кылган болуш керек деп божомолдоду.

Журналисттердин түкшүмөлү Лексус — Алексей Столяров — өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында Кыргызстанга кызыкканына негизделген.

Порошенкого телефон чалып кыргыз президентинин ролун ойногонун пранкер өзү танып койду.  

2016-жылдын жазында Столяров Порошенконун атынан украиналык учкуч Надежда Савченконун адвокаты Марк Фейгинге кат жазган. Бул үчүн Украинада пранкерге каршы иш козголгон — Украинанын Кылмыш кодекси жасалма мөөрлөрдү жана документтерди жасагандарды штраф салуу жана алты айдан жети жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазалайт.