«Демократ» партиясын жергиликтүү шайлоолорго катышуу үчүн каттабай жатышат

Жарандык активист Тимур Ташкул билдиргендей, «Демократ» саясий партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн себебин түшүндүрбөстөн каттоодон баш тартышкан. Боршайкомдон айтышкандай, партия каттоо процедурасын бузган.

Тимур Ташкул өзүнүн «Фэйсбук» барагында жазгандай, «Демократ» саясий партиясынын шайлоого каттоо өтүнүчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) эки жолу четке каккан.

«Биз 2016-жылдын 1-ноябрында биз Бишкек АШКсынын чечимин даттанып Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылдык. Бирок азыркы күнгө чейин маселе БШК тарабынан карала элек. Биз БШКнын чечимин күтүп жатабыз, мыйзамдуу чечим кабыл алынат деп үмүт кылабыз. Биз аягына чейин барганга даярбыз. Эгерде керек болсо, партиянын каттоосун сотто талап кылабыз», — деген ал.

Бишкек АШКсынын өкүлү ТИК Кайрат Маматов Kloop.kgге кабарлагандай, «Демократ» партиясынын өкүлдөрү документтерди тапшыруу процессин бузушкан — алар арыз тапшыруу мөөнөтүн эске алган эмес жана партиянын ыйгарым укуктуу кишисин каттаган эмес.

«Каттоо үчүн бардык документти партиянын ыйгарым укуктуу кишиси тапшырат, а алардын ыйгарым укуктуу адамы документти тапшыруу учурунда катталган эмес болчу. АШКнын алдындагы жумушчу топ аларды каттоодон баш тартышкан», — деди ал.

Боршайкомдун басма сөз борборунун кызматкери Айболот Айдосов Kloop.kgге айткандай, «Демократ» партиясынын арызын дал ушул каттоо процедурасынын бузулушунан улам кабыл алган эмес.

«Ал жерде эреже бузуу бар, […] алар документтерди тапшыруу боюнча бир аз жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоону биз 30-октябрда түнкү саат 12ге чейин жүргүзгөнбүз. Алар азыр даттанып кайрылышкан, жумушчу топ алар тапшырган документтерди карап жатат», — деди ал.

Бишкек АШКсынын төрагасы Маматов айткандай, эгер Боршайком уруксат берсе, партиянын документтери кабыл алынмакчы.

«Демократ» партиясы шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн «Тоскоолдуктарсыз жашоо үчүн», «Асман Ала-Тоо» жана «Кыргыз либерал-демократ партиясы» менен бириккен.

Партиянын «Фэйсбуктагы» барагында көрсөтүлгөндөй, ал 2016-жылдын февраль айынын аягында түзүлгөн. Партиянын башкы миссиясы — билимдүү жана жөндөмдүүлөрдү мамлекеттик кызматка тарткан меритократиянын негизинде мамлекетти куруу. Алар ошондой эле бир улутту түзүү, жеке менчикке кол тийбестик жана мыйзам менен адам укуктарынын үстөмдүгүн түзүүнү негизги баалуулуктары деп билишет.