Q&A: Кыргызстанда чет өлкөлүктөр эмне үчүн жана кантип катталышы керек?

Кыргызстанда 4-ноябрдан тартып «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Эми чет өлкөлүктөр келгенден кийин беш күн ичинде каттоого турушу керек. Мурда чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында 30 күн катталбай жүрө алышчу.

Эмне болду?

Тышкы миграция жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы 4-ноябрдан тартып ишке кирди. Анда өзгөрүүлөр абдан көп, бирок негизгиси — Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн каттала турган мөөнөтү 30 күндөн беш күнгө чейин кыскартылышы.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Бул Кыргызстандын туристтик дараметине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени түзөтүүлөр мигранттарды эле эмес, саякатчыларды, альпинисттерди жана Ысык-Көлдө эс алып жаткан чет элдиктерди да катталууга мажбул кылат.

Эгерде мурда Кыргызстанда эс алгандар 30 күн бою кыргыз бюрократтарынан оолак жүрө алса, азыр көпчүлүгү үчүн бланк толтуруу милдеттүү болуп калат.

Эми эмне кылыш керек?

Эгерде сиз Кыргызстанга беш күндөн ашык мөөнөткө келүүнү каалаган чет өлкөлүк болсоңуз, анда катталышка туура келет.

Чет өлкөлүктөрдүн баары катталышы керек болобу?

Ооба, бирок айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн мөөнөт узагыраак — мисалы, Кыргызстанга келген орусиялыктар үчүн эки өлкө ортосундагы келишимге байланыштуу катталууга 30 күн берилет.

Кантип катталыш керек?

Келээриңер менен эле каттоо процесси болбойт. Сиз Калкты каттоо департаментинин бөлүмдөрүнө барып, ушул жол-жоболорду ошол жактан өтүшүңүз керек болот.

Кандай документтер зарыл:

  • каттоо тууралуу өтүнүч;
  • паспорт;
  • мамлекеттик алым төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөк.

Каттоо тууралуу өтүнүч департаменттин бөлүмүндө толтурулат, мамлекеттик алымды да ошол жактан төлөсөңүз болот. Жаныңарда паспорт гана болушу керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) өкүлүнүн айтымында, бланкта факты жүзүндө жашаган жери тууралуу орунду толтуруш керек болот.

Ал бөлүмдөрдү кантип тапса болот?

Жергиликтүү тилдерди билбеген кишиге кыйын. Кыргызстандагы британ элчилиги Калкты каттоо департаментинин бөлүмдөрүнүн даректеринин тизмесин жарыялады. Бардык бөлүмдөр 9дан 18ге чейин иштейт, дем алыш күндөрү — ишемби жана жекшемби.

Чет өлкөлүктү мейманкана же турфирма каттай алабы?

Айрым мейманканалар жана турфирмалар чет элдик жарандарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүшөт, бирок анын наркы көп эсе кымбат — 500 сомдон 1000 сомго чейин болот.

Катталбай койсо эмне болот?

Эгерде беш күн ичинде катталбаса, 10 миң сом штраф төлөшкө туура келет.

Сүрөт: The Winglet