Парламенттин депутаты Өмүрбек Бабанов баштаган фракция тышкы миграция жөнүндө мыйзамга каршы чыкты. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандардын каттала турган мөөнөтү 30 күндөн беш күнгө чейин кыскарат. Бирок бир айдан ашуун убакыт мурда «Республика — Ата-Журт» ал өзгөртүүлөрдү толук курамында колдоп берген.
Бабанов туризмди өнүктүрүш үчүн чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын аймагында «жок дегенде» 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат бериш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» барагында жазды.
«Достор, биз чет өлкөлүктөр беш күн ичинде катталышы керек болгон азыркы мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп жатабыз. Алар бизде жок дегенде 30 күн каттоосуз жүргүдөй болууга тийиш. Бүгүн эртең менен Чехиядан келген таң каларлык туристти көрдүм… 🙂 эми ал каттала турган ордун каяктан издесин??? Биз тескерисинче өлкөнү туристтер үчүн ачышыбыз керек, бүт дүйнө ар бир турист үчүн күрөшүп жатпайбы!» — деп жазды ал.
Атап айтканда, Бабанов «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга киргизилген жаңы түзөтүүлөргө каршы чыкты, ал боюнча чет өлкөлүктөрдүн катталуу мөөнөтү 30 күндөн беш күнгө чейин кыскартылган.
Бул өзгөртүүлөр кыргызстандык Интернет колдонуучулардын ачуусун келтирип, алар түзөтүүлөргө каршы өтүнүч жазышкан. Алар бул өзгөртүүлөрдү алып салууну талап кылышкан, анткени, алардын пикиринде, бул өлкөнүн туристтик дараметине зыян келтириши мүмкүн.
«Республика — Ата-Журттун» башчысынын түзөтүүлөрдү жокко чыгаруу ниети тууралуу бул билдирүүсү фракциянын өзүнүн аракеттерине каршы келет. Бир ай мурда Бабанов баштаган депутаттар бардык парламент сыяктуу эле ушул мыйзам долбоорун колдоп беришкен.
Жыйынга катышпаган депутаттарды эсепке албаганда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү парламенттегилердин баары, анын ичинде азыркы оппозиция да — бардыгы болуп 112 киши колдоп берген.
Түзөтүүлөр 4-ноябрдан тартып күчүнө кирген. Эми эгерде чет өлкөлүк жаран беш күн ичинде катталганга үлгүрбөсө, ал 10 миң сом штраф төлөшү керек болот.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Q&A: Кыргызстанда чет өлкөлүктөр эмне үчүн жана кантип катталышы керек?
- Бектур Искендер: Көңүл калтырган жыл