«Кызматтык кызыкчылыкка чыккынчылык кылган». Милиция кызматкери уюшкан кылмыштуу топ менен «достошкону» үчүн иштен алынды

Ысык-Көл облусунун экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкери уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү менен тыгыз байланышта болгону үчүн кызматтан алынды. Бирок расмий түрдө ал жазаланбайт.

ИИМдин ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл ИИБнин экстремизмге каршы 10-бөлүмүнүн кызматкери кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен «достук мамиледе» экенин аныкташты.

УКТ менен «кызматтык намысты тебелеген» байланыштары үчүн милиция кызматкери иштен алынып, ИИМ анын «кызматтык кызыкчылыкка чыккынчылык кылганын» жарыялады.

ИИМдин басма сөз кызматы кылмыш дүйнөсү менен жумуштан тышкаркы мамиле үчүн укук коргоо органынын кызматкерин иштен алуудан башка жаза жок экенин билдирди.

«Биздеги Кылмыш кодексинде УКТ мүчөлөрү менен байланыш үчүн жазалай турган берене жок. Кеп достук мамиле жөнүндө болуп атат — ал тойдо, кандайдыр майрамда чогуу болгон учурлар. Эгерде кылмыш жөнүндө кеп болсо, ал башкача каралат», — деди басма сөз кызматындагылар.

ИИМ реформасы

Милиция кызматкерин иштен кетирүү ИИМ өз катарын тазалоо боюнча өнөктүк жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Президент Алмазбек Атамбаев министр Кашкар Жунушалиевди укук коргоо органдарын реформалоодо шашылбай жатканы үчүн сынга алып, эгерде жакын арада жылыш болбосо өзгөртүүлөрдү өз колуна алууга убада берген.

Президенттин сын пикири айтылгандан төрт күн өткөн соң ИИМ Чүй облусунун Панфилов районундагы милиция кызматкерлери кармалганын кабарлады.

«Чүй облусунун тургунунан жеке менчик автоунаада кетип баратып аны сала кетели деп сунуш кылып, бирок жолдон сабап, анын чоң суммадагы акчасын тоноп алган милиция кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган арыз түшкөн», — деп айтылат мекеменин кабарында.

Бул кызматкерлерге каршы үч берене — каракчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык абалын ашкере пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон. ИИМ ал кармалган кызматкерлерди да «кызматтык кызыкчылыкка чыккынчылык кылышты» деп атаган.