Милициянын атынан чет өлкөлүк жаранды опузалаган кишини ИИМ текшерип жатат

Бишкектин тургуну ИИМдин экстремизмге каршы 10-бөлүмүнүн кызматкери чет өлкөлүк жаранды опузалаганы тууралуу арызданды. Милиция ал киши чын эле укук коргоо органдарында иштээр-иштебесин текшерүүдө.

«Фэйсбуктун» колдонуучусу Rustam Isa өзүн ИИМдин экстремизмге каршы 10-бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган киши тарабынан чет өлкөлүк жаран куугунтукталганын жазып чыккан. Далил катары автор «ыкчам кызматкердин» фотосүрөтүн жана ал кеткен автоунаанын номерин тиркеген.

Бул жазуу коомдук түйүн колдонуучулардын терс маанайын козгоп, ИИМди кызыктырды. Азыр милиция фотосүрөттөгү киши чын эле укук коргоо органдарында иштээр-иштебесин текшерип жатат.

«Эгерде ал милицияда иштегени чын болсо, анда жазылган нерселер канчалык чындыкка туура келээрин текшеребиз», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев.

Осмонбаев мыйзамды бузган же өзүн «туура эмес» алып жүргөн милиция кызматкерин сөгүш берүдөн тартып кызматын төмөндөтүүгө чейин тартип жазасы күтүп турганын айтат. Ал эми эгерде кайсы бир адам өзүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, «ИИМдин кадыр-баркына зыян келтирсе», ага каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Жазуунун өзү 5-ноябрда жарыяланган — анда колдонуучу 3-ноябрда саат 15те чет элдик Beko компаниясынын кеңсесине өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган «жаалданган киши» кирип барганын жазган.

«Капысынан эле кеңсеге отургандардын эч кимиси тааныбаган, 30 жаштагыдай жигит эшик чертпей, эскертпей эле кирип келди. Кебетеси абдан үтүрөйгөн, айбаттуу. Баарыбызды бир сыйра карап чыгып, менин чет өлкөлүк досумдан документин көрсөтүүнү суранды», — деп жазат Rustam.

Автор кирип келген киши милиция кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөнүн жазат.

«Мен ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкеримин, деп абдан чоң сыймык менен жооп берди ал. Менде ыкчам маалымат бар, мен Сизди ИИМге алып кеткени келдим — деп так эле менин чет өлкөлүк досумду көрсөттү», — деп жазат ал.

Колдонуучунун сөзү боюнча, «ыкчам кызматкер» өзүн абдан ачуулуу алып жүргөн, чет өлкөлүктүн паспортун алып алып, аны менен кошо кеңседен чыгып ИИМге барууну талап кылган. Ал «ыкчам топ» чакырам деп коркутуп, бирок жабыркагандар милицияга чала башташканда кетип калган.

«Биз өзүбүз 102ге чалып, милициянын келишин талап кыла баштадык. Бирок тилекке каршы ал ошол бойдон келбей койду. Бул жерде «концерт бүтүп калганын» түшүнүп, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери BMWга отуруп жөн гана кетип калды», — деп жазат Rustam Isa.

Сүрөт: Rustam Isa.