Мэрия диний чакырыктары бар жарнамалык баннерлерди текшерет

Бишкектин мэриясы диний чакырыктары бар жарнамалык баннерлерди текшерет жана аларды жайгаштырган кишилер менен «түшүндүрүү иштерин» жүргүзүп жатат. Жарнама тууралуу мыйзам андай чакырыктары бар баннерлерге тыюу салат.

Бишкектеги автотетиктер сатылган менчик үйлөрдүн дарбазаларында «Аллоху Акбар», «Бисмиллах», «Машаллах» деген сөздөр жана мусулмандардын ыйык китеби Курандын үзүндүлөрү жазылган жарнамалык баннерлер илинген.

Мэриянын басма сөз кызматы Патрис Лумумба көчөсүндөгү айрым кызмат борборлорунун жана контейнерлердин дарбазаларында илинген баннерлер текшериле турганын билдирди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова «Азаттык» үналгысына баннерлерди илген кишилер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айткан.

Анын айтымында, сырткы жарнама жөнүндө мыйзам боюнча жарнамада диний жазууларды колдонууга тыюу салынат.

«Патрис Лумумба көчөсүндө ошондой жарнамалык баннерлердин бир нечеси илинген. Адегенде ислам багытындагы жазуу, андан кийин кайсы бир автотетиктерди сатуу жөнүндө маалымат жүрөт. Көрнөктүн мазмуну жана илинген жери туура эмес, аларды колдонууга уруксат алынган эмес», — деди ал.

Ал текшерүүнү мэрия менен кошо Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери жүргүзүп жатышканын айтты.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын адвокаты Жибек Кенжебекова Kloop.kgге жарнамада диний ураандардын же сөз айкаштарынын колдонулушу мыйзамсыз экенин ырастады.

Анын айтымында, жарнама жөнүндө мыйзамды бузуу административдик штраф менен жазаланат. Жеке адамдар эки миңден он миң сомго чейинки суммага, кызмат адамдары беш миңден он миң сомго чейинки суммага, юридикалык тараптар он миң сомдон жүз миң сомго чейинки суммага айып тартышы мүмкүн.

Ноябрдын башында Чүй жана Жалал-Абад облустарында да ушундай баннерлер пайда болуп, бирок жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсүнөн кийин алынып салынган.

Сүрөт: Азаттык