Конституцияга түзөтүү киргизүүнүн каршылаштары БШКга референдумга каршы үгүт боюнча документ тапшырышты

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы болгон эки топ Борбордук шайлоо комиссиясына документ тапшырды. Топтордун бири укук коргоочулардын, экинчиси оппозициячылардын башын бириктирди.

БШКнын басма сөз кызматынын кызматкери Айболот Айдосов Борбордук шайлоо комиссиясына референдумга каршы чыккан үгүт топторун каттоо боюнча эки өтүнмө келип түшкөнүн Kloop.kgге билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт топторун каттоо боюнча документтер келип түшө баштады, алардын ичинен экөө референдумга каршы», — деди ал.

Анын айтымында, референдумду «колдогон» же ага «каршы чыккан» топту катташ үчүн ал топтун атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен каттоо тууралуу өтүнүч кат берүү жетиштүү.

«Өтүнмө 10 жумуш күнүндө каралып, катталышы керек»,— деди ал.

Укук коргоочу Рита Карасартова референдумга каршы үгүттөй турган үгүт топторунун бирөөнө өкүл болгонун Kloop.kgге билдирди. Анын айтымында, алар 8-ноябрда эле өтүнмө беришкен, бирок ал эмгиче каралбай жатат жана каттоо тууралуу маалымдама келип түшө элек.

Карасартова мыйзам боюнча топ катталгандан кийин ага мамлекеттик телеканалдардан эфирдик убакыт берилиши керек экенин айтты.

«Биз референдумга каршы үгүттү баштай алабыз, анткени бүгүнкү күнгө чейин бийлик өзү түзөтүүлөр боюнча түшүндүрмө берген эмес, коомдук талкуу өткөргөн эмес. Эл чын-чынына келгенде түзөтүүлөр зарыл деген бир тараптуу маалыматты гана угуп келди», — деди ал.

Карасартова каттоо «создугушу» мүмкүн деп эсептейт, анткени БШКнын сайтында ал тургай топторду каттоонун тартиби тууралуу жобо да жок экен.

«Мен жеке өзүм барып билип, мыйзамга таянуу менен өтүнмө бердим. Бизге азырынча жооп бериле элек», — деди ал.

Карасартова анын тобунда укук коргоочулар Бурул Макенбаева, Нурбек Токтакунов жана Нарын Айып да бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, аймактарда да референдумга каршы үгүттөй турга топтор катталгысы келип жатат.

Мындан тышкары, референдумга каршы чыккан дагы бир топ БШКга өтүнмө берди. Ага оппозициячылар Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев жана Мавлян Аскарбеков кирди.

Адил Турдукулов үгүт тобунун мүчөсү экенин, анткени Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жаңы долбооруна каршы чыгып жатканын Kloop.kgге билдирди.

«Биз [Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр] өлкөдөгү тоталитардык тенденцияны күчөтөт деп эсептейбиз», — деди ал.

Турдукуловдун айтымында, бийликтегилер Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизгиси келген себеби - аларды «өзүн өзү сактоо инстинкти башкарат», анткени алар жоопкерчиликтен качып, өз командасын сактап калгысы келет.

Оппозициячы алардын тобуна да катталган-катталбаганы тууралуу жооп келе элек экенин айтты. Ал өтүнмө берилгенден кийин ар кандай «бөгөттөр» пайда болушу мүмкүн деп эсептейт.

«[Бийлик] эмнеден коркот? Бизге улуттук каналдан эфирдик убакыт берилет деп коркот. […] Биздин топ бардык жол-жоболорду дыкат эске алды. Албетте, бөгөттөр коюлат, бирок биздин топту каттоодон баш тарта алышат деп ойлобойм», — деди ал.

БШКын расмий сайтында референдумду өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышкысы келгендердин баары үчүн билдирүү жарыяланган. Ал билдирүүгө ылайык, документтерди үгүт өнөктүгүнүн каалаган айлампасында тапшырса болот жана алар 10 күн ичинде каралат.

Референдумга чыккан маселе боюнча үгүт иштери добуш бериле турган күнгө чейин 24 саат калганда аякташы керек.

Конституциялык реформа

Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча референдумду 11-декабрга, жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен кошо дайындады.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр парламентте да, коомчулукта да талаш жаратты.

Түзөтүүлөрдү парламенттин 90 депутаты жана өлкөнүн президенти колдоду. Мурдагы президент Роза Отунбаева, 2010-жылдагы Убактылуу өмөттүн мурдагы мүчөлөрү, депутат Өмүрбек Текебаев жана анын «Ата Мекен» фракциясы, парламенттин айрым депутаттары жана жарандык активисттер ага каршы чыгышты.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдарга болгон үстөмдүгүнөн баш тартууну, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жана соттордун үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт.

Түзөтүүлөрдүн тарапкерлери алар өлкөнүн көз карандылыгын азайтып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту оңдойт деп эсептешет.

Түзөтүүлөргө каршы чыккандардын пикиринде, алар демократияны жоготуп, аткаруу бийлигин күчөтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:


Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?