БШК: Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө үч топ каршы, бирөө колдоп үгүттөйт

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча төрт үгүт тобун каттады. Алардын үчөө түзөтүүлөргө каршы, бирөө колдоп үгүттөйт.

Үгүттүк каттоо бөлүмүнүн кызматкери Бакыт Каюмов Kloop.kgге үгүт ишмердүүлүгүнө топторду каттоо 30-ноябрга чейин улантылаарын, бирок 15-ноябрдан тартып топтор үгүтүн баштай берсе болоорун айтты.

Укук коргоочу Рита Карасартова Kloop.kgге Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү колдогон төрт топтун ичинен бирөө гана катталганын айтты.

Анын айтымында, Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү колдогон үгүт топторунун бардык мүчөлөрү жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү болушкан, ал мыйзамсыз.

«Түзөтүүлөргө каршы топтордун баары каттоодон өттү, анткени катталуунун жол-жобосунан туура өтүштү. Эртеңден тартып үч топ тең чогулуш жана үгүт иштерин жүргүзө беришсе болот», — деди ал.

Оппозициячы Адил Турдукулов Kloop.kgге 17-ноябрда КТРК телеканалында топторго эфир берүү боюнча чүчү кулак кармалаарын айтты.

Турдукулов топ түзөтүүлөргө «жазуу жүзүндө да, оозеки да» үгүттөй турганын билдирди.

«Мамлекеттик телеканалдардын эфиринде биз видеоролик аркылуу кайсы түзөтүүлөр өлкөдө тоталитаризмди күчөтөөрүн айтып бергенге аракет кылабыз. Албетте, бизге эфир берилген шартта. Бирок алар ошондон коркуп жатканын эске алганда, биз БШКнын күтүүсүз кадамдарына таң калбайбыз», — деди ал.

Конституциялык реформа

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 11-декабрга жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен чогуу дайындалган.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу билдирүүдөн кийин дароо эле коомчулукта жана парламентте өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы тууралуу талаш-тартыштар башталды.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү парламенттин 90 депутаты жана өлкөнүн президенти колдошту.

Түзөтүүлөргө мурдагы президент Роза Отунбаева, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, депутат Өмүрбек Текебаев жана анын «Ата Мекен» фракциясы, парламенттин айрым депутаттары жана жарандык активисттер каршы чыгышты.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр мамлекеттик мыйзамдардын үстүнөн эл аралык келишимдердин артыкчылыгынан баш тартууну, премьер-министрди жана судьялардын үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт.

Түзөтүүлөрдү колдогондор алар өлкөнү эркинирээк кылып, бийлик бутактарынын тең салмагын жакшыртат деп эсептешет.

Түзөтүүлөргө каршы чыккандардын пикиринде алар демократиянын жоголушуна алып келип, аткаруу бийлигин күчтөндүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:


Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?