«Келүү»: Планетадагы бирден-бир туура мелодрама

Amy Adams as Louise Banks in ARRIVAL by Paramount Pictures

Бир күн мурун Бишкектин кинотеатрларында келгиндер жана тилчилер жөнүндө «Келүү» деген илимий-фантастикалык фильм башталды. Kloop.kgнин киносынчысы Азамат Өмүралиев тасманы көрүп чыкты — анын айтымында, бул планетадагы эң туура мелодрама жана жылдын эң мыкты фильми.

Жер үстүндө 12 монолит калкып турат. Алардын бири Монтананын талааларынын үстүндө каалгып жүрөт. Зор кесек таштардын ичинде башка планеталык келгиндер жүрөт, алар менен байланыш түзүш керек.

Толгон-токой илимий-фантастикалык драмалардын жана согуш кинолордун ичинен «Келүү» (Arrival) талоонго же галактика аралык жарышка эмес, байланыш түзүүгө назар бурганы менен айырмаланып турат. Бул жерде башкы ролдо аскер, деңиз аскери, президент, өзүн өзү билген баатыр же ал тургай баарына кызыккан кичинекей бала да эмес. Сюжеттин борборунда Эми Адамс ролун аткарган тилчи Луиза.

Бул жагынан алганда Дени Вильневдин жаңы тарткан фильми болушунча чындыкка жакын — өлкөлөрдүн өкмөттөрү замбирек атып, жашыл эргежээлдерге (жок, келгиндер бул жерде башкача көрүнөт) тажрыйба жүргүзгөнгө караганда алар менен кандайдыр байланыш түзүп, бардык жагдайларды тактап алгысы келгенин элестетиш оңоюраак.

Ошондуктан «Келүү» «Эгемендик күнүнө» же «Башка планеталыкка» эмес, Сандра Баллок катышкан, турмушка жакыныраак «Байланышка» же айтылуу «Космостук одиссеяга» көбүрөөк үндөш. Дени Вильневге согуш кинолору кызык эмес — мурда ал аталардын табияты жөнүндө «Туткун кыздар» деген триллер, кыздардын табияты тууралуу «Киши өлтүргүч» деген фильм тартып, тарсылдактарга, атайын таасирлерге жана жөнөкөй кыжаалаттыкка караганда турмуштук окуяларды жакшы көрөөрүн көп жолу далилдеген.

Курал-жарактын кубатын көрсөтүүнүн, башка планеталыктар менен кандуу атышуунун жана таң каларлык окуялардын ордуна Вильнев өз баянын адамдардын ортосундагы мамилелердин айланасында куруп жүрүп отурат. Ал баласын жоготкон энени, байланышка чыкканды унутуп калган цивилизацияны карап турат. Илимий-фантастикалык багыттагы башка улуу фильмдер сыяктуу эле, ал фантастикалык шарттагы адамдардын өз ара мамилелери тууралуу айтканга жетишет.

Анткен менен «Келүүдөгү» фантастиканын элементи келгиндерде эмес — фильмдин каармандарынын бири айткандай, адам баласы жаңы жерлерди басып алып, түпкү калк жана индеецтер менен сүйлөшүүгө аракет кылып жургөндө эле атам замандан бери байланыш түзүү маселесине тушугуп келген. Луиза тонналаган башка планеталык символдорду чечмелегенге мажбур болот, бирок ал байыркы грек тилинин унутта калган диалектин талдаса деле ошондой болмок.

«Келүүнүн» фантастикасы фильмдин аягында ачылган табышмакта жатат — жана силер дал ошол мактоону досторуңардан угасыңар же «Фейсбуктагы» барагыңарда тасмадан көрөсүңөр. Вильнев чын эле арттан көрүнбөй келип, чындыктан алысыраак күтүүсүз чечилиш менен таң калтырууга жетишти.

Бирок мен жандырмагы даяр табышмактарга ишенбейм. Мен бир гана күтүүсүз окуяга таянган фильм жакшы болооруна, улуу болооруна андан бетер ишенбейм. Мен «Мушташ клубуна» да, «Башталышка» да, «Каргыш тийгендердин аралына» да ишенбейм жана сыйлабайм.

Бирок мен көркөм өнөрдүн күчүнө ишенем. Айрым фильмдерге илимий-фантастикалык корутунду же сюжеттин жапырт бурулушу каражат катары гана керек. Алар ал каражаттарга толук ишенич артпайт жана бардык орой жерлерин жымсалдап турат. Ооба, «Келүүдө» «спойлер» деп атаса боло турган плот-твист бар.

Бирок алданбагыла — Дени Вильневдин фильми келгиндер тууралуу эмес жана ал тургай сюжеттин бурулушу жөнүндө да эмес. Дүйнөлүк коомчулукта фильмдер көркөм өнөр боло алат деген жалпы пикир эчак түзүлгөн, бирок Вильнев андан ары бир кадам таштайт — ал кооздук учурун камтыйт. Ал өттү-кетти учурду кармап калып, аны кинематограф жана адам акылы турган жерге түбөлүк бастырат.

«Келүүнүн» тынчтыкты жактаганына жана философиялык чабытына карабастан, аны кандайдыр термин же бир жанр менен белгилөө мүмкүн эмес. Бул карап тура бере турган сүрөт эмес, аны тигиле тиктеп, теңдешсиз көрүнүштөрүндө тентип жүргөн ойлордун үзүндүлөрүн терип чыгыш керек.

Бул жагынан алганда Вильнев Терренс Малликтин эрдигин кайталайт. Көп учурларда «Келүү» Малликтин «Өмүр дарагынын» түшүндүрмөсү сыяктуу туюлат — бул монолиттик тактык менен камтылган өмүрдүн мааниси жана көркү тууралуу түпкүлүктүү эмгек.

Бирок Вильневдин жетишкендиги кеңири каналдарга көрсөтүлөт. Анын «Келүүсү» чоң касса чогултуп, көптөгөн көрүүчүлөрдү тартып, аты алда канча алыс угулат. Вильнев ымалага келет: ал артисттик мамилени жеткиликтүү форма менен айкалыштырып, классикалык баяндоо эрежелерин сактап, кино ышкыбоздорун тонналаган каймана маани менен жүктөп отурбайт. Ал сүйүүнүн жана дүйнө курулушунун тарыхын баяндап, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, жашын сүртүп отурууга мажбур кылат.

Ошентип, Дени Вильнев планетанын тарыхында алгачкы туура мелодрама тартты. Ал эч кимди көңүл сыртында калтырбай, бардык сырларды түздөн түз ачып берди. Балким, бүгүнкү көрүүчүгө ушул эле керек чыгаар. Бул эч ким кино сүйүүчүлөр да, ашкере ышкыбоздор да, жупташкандар да, балдар да, силер да, биз да кутула албай турган, эске келтирип оң жак капталдан таамай тийген сокку.

БЕРИЛГЕН БАА
«Келүү»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
kel-planetadagy-birden-bir-tuura-melodramaДени Вильнев планетанын тарыхында алгачкы туура мелодрама тартты. Ал эч кимди көңүл сыртында калтырбай, бардык сырларды түздөн түз ачып берди. Балким, бүгүнкү көрүүчүгө ушул эле керек чыгаар. Бул эч ким — кино сүйүүчүлөр да, ашкере ышкыбоздор да, жупташкандар да, балдар да, силер да, биз да кутула албай турган, эске келтирип оң жак капталдан таамай тийген сокку.