Орусия: Депутат аткаминерлердин балдарына чет өлкөдө окууга тыюу салууну сунуш кылды

Harvard business campus

Мамлекеттик думага аткаминерлердин жашы жете элек балдарына чет өлкөлүк окуу жайларында тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Тыюу бул мекемелердин Орусиядагы филиалдарына тиешеси болбойт.

Орусиялык аткаминерлердин балдарына чет өлкөдөн окууга тыюу салуу жөнүндө документти коммунист Валерий Рашкин сунуш кылды. Мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик кызматкерлер өз балдарын чет өлкөлүк мектептерден жана жогорку окуу жайларынан окута албайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдө иштеген аткаминерлерге — дипломаттарга жана орусиялык мамлекеттик корпорациялардын менеджерлерине — анын тиешеси болбойт.

«[Аткаминерлердин балдарын чет өлкөдөн окутуу] өлкөдө чыныгы мамлекеттик башкаруучулар катмарын калыптандырууга жолтоо болуп, кадрларды тышка чыгарып, Орусияда социалдык теңсиздиктин бекемделишине, башкаруучу таптын элден алысташына өбөлгө түзөт»,— деп айтылат мыйзам долбоорун негиздеген маалымдамада.

Документте ошондой эле өкмөт бул тыюуга мамлекеттик компаниялардын башкы менеджерлерин кошо камтышы керек экендиги айтылат.

Быйыл августтун башында парламенттин төмөнкү палатасынын кароосуна ушундай эле мыйзам долбоору келип түшүп, анын ишкердик мекенчилдикти өнүктүрүү боюнча «Аванти» ассоциациясынын президенти Рахман Янсуков сунуш кылган.

Быйыл октябрда «Znak.com» сайтында Кремлдин администрациясы орусиялык аткаминерлердин балдарына Орусияга кайтып келүүгө кеңеш бергени тууралуу маалымат чыккан. Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал маалыматты төгүнгө чыгарган.

«Мен андайды көргөн жокмун жана уккан жокмун», — деген Песковдун сөзүн келтирет Lenta.ru маалымат агенттиги.

2016-жылдын июлунда орусиялык депутат Евгений Федоров чет өлкөдө туугандары бар кишилерди мамлекеттик кызматка жолотпош керек деген сунуш киргизген. Федоров өзү сунуш кылган тыюуну «чет өлкөлүк кысым коркунучу» менен түшүндүргөн.