Ош: Чет өлкөлүк студенттер курсташынын өлүмүнөн улам митингге чыгышты

Ош мамлекеттик университетинин 200дөн ашуун чет өлкөлүк студенти инсульттан каза тапкан индиялык студенттин сөөгүн мекенине жеткирүүнү талап кылып митингге чыгышты. Алар ошондой эле Индиянын Бишкектеги элчилигинин аракетсиздигин сынга алып, деканды иштен кетирүүнү талап кылышты.

Митингге Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык факультетинин 1-курсунун студенти Субхам Бангравдын өлүмү себеп болду. Студенттердин айтымында, ал Ош облустук ооруканасына жаткырылган, бирок «канааттандырбаган» дарылоонун эсебинен 13-ноябрда 11:00дө каза тапкан.

Студенттер Kloop.kgге окуянын эртеси алар коомдук түйүндөр аркылуу уюшуп митингге чыгышканын айтышты.

«Биз өзүбүздүн Бишкектеги элчилигибизден жооп күтө берип тажадык. Биз ал жакка чалып, студенттин өлүмү тууралуу кабарладык. Андагылар болсо студенттин сөөгүн мекенине жеткире албай тургандыгын, анткени ага каражат жок экенин айтышты. Биз ачууланып кирсек алар "жумшала турган акчанын жарымын төлөгүлө, ошондо калганын биз чыгаралы" дешти», — дейт студент кыз.

Ал элчиликтин кызматкерлери жоопту создуктуруп, студенттер митингге чыккандан кийин гана жооп беришкенин кошумчалады.

Студенттердин айтымында, алар окуу жайынын администрациясынан уруксат сурашкан эмес. Студенттердин өзүнөн башка эч ким митинг өткөрүүнүн планы тууралуу билген эмес.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жана башка администрация өкүлдөрү студенттерге бир сааттан кийин сүйлөшкөнү чыгышты. Митинг төрт саатка жакын созулду.

«Бизден университетке кирүүнү суранышты, анткени кеч кирип суук түшө баштаган. Бирок биз андан баш тартып, талаптарыбызга жооп алмайынча эч кайда барбай турганыбызды айттык», — деди митингге катышып, атын айткысы келбеген студент.

Жалпысынан индиялык студенттер митингде төрт талап коюшту:

  1. Студенттин өлүмүнө медициналык факультеттин чет өлкөлүк студенттер үчүн деканы Роман Калматовдун тиешеси бар-жогун иликтеп, аны иштен кетирүү;
  2. Студенттерге жергиликтүү элден жана милициядан коопсуздукту камсыз кылуу;
  3. Студенттерди окууга зарыл болгон бардык жабдуу жана каражаттар менен камсыз кылуу;
  4. Каза тапкан студенттин сөөгүн токтоосуз мекенине жөнөтүү.

ОшМУнун ректору окуяны териштирип, зарыл болсо деканды иштен кетирүүгө убада берди. Ал университеттин кадыр-баркына зыян келиши мүмкүн болгондуктан студенттерден деканды сотко берүүдөн баш тартууну суранды. Ректорат студенттин сөөгүн жөнөтүш үчүн 50 миң сом бөлүп берүүгө убада берди.

ОшМУ: «Эч кандай митинг болгон жок»

ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева Kloop.kgге эч кандай митинг болбогонун айтты — анын сөзүнө караганда, студенттер каза тапкан студентти эскерип коюш үчүн эле чыгышкан.

«Алар эч кандай митингге чыккан жок. Студенттер болгону университеттин башкы имаратынын алдында жердешинин элесин эскерип койгусу келген. Ал үчүн алар окуу жайынын администрациясынан алдын-ала уруксат сурап, ал болсо колдоо көрсөтүп, эскерүү кечесине бардык студенттердин чогулушуна мүмкүнчүлүк берди», — деди ал.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге милиция тарабынан митинг учурунда мыйзам бузуу катталбаганын айтты.

«Ал митингби же эскерүү кечесиби, бизге айырмасы жок. Башкысы ал жакта [митингде] мыйзам бузулбаса болду», — деди ал.

Бишкектеги Индия элчилигинин өкүлдөрү бүгүн маданий иш-чара өтүп жатканын айтып, окуяга кандайдыр комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Элчиликтин өкүлү Ошко жөнөдү. Маалымат болоору менен биз силерге билдиребиз», — дешти элчиликтегилер.

Маркум студенттин сөөгү бүгүн Бишкекке жөнөтүлөт. Каза тапкан студент Субхам Банграва медициналык факультеттин биринчи курсунда окучу. Анын күтүүүз өлүмүнө инсульт себеп болгон.

Ош мамлекеттик университетинде 2000ден ашуун чет өлкөлүк студент окуйт, көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат.

Сүрөт: Турмуш