Криштиану Роналду Nike менен өмүр бою контракт түздү

Мадрид «Реалынын» чабуулчусу Криштиану Роналду Nike компаниясы өмүр бою контрактка кол коюуну чечкен тарыхтагы биринчи футболчу болуп калды. Эми португалиялык оюнчу жылына 24 миллион доллар алып турат.

Nike менен Роналду жакында чоң келишимге кол коеру сентябрда эле белгилүү болгон. The Sunday Times гезитинин кабарына караганда контракттын суммасы жылына 24 миллион долларды түзөт, бул болсо португалиялыкка 73 жашында 1 миллиард доллар табышына шарт түзөт.

Миллиард доллар иштеп тапкан бирден-бир спортчу — баскетболчу Майкл Жордан, Nike аны менен да 1984-жылы эле өмүр бою контракт түзгөн.

Спорттук кийим чыгарган өндүрүүчү менен түзүлгөн дагы бир өмүрлүк контракт «Кливленд Кавальерстин» баскетболчусу ЛеБрон Джеймске таандык.

Nike Роналду менен 13 жылдан бери кызматташып келатат. Америкалыктар Криштиану Лиссабондун «Спортинги» үчүн ойноп жүргөндө эле аны менен контрактка кол коюшкан.

Келишимдин шарттары боюнча 2003-жылдан тартып португалиялык оюнчу Nike спорттук бут кийими менен гана оюнга чыгат. Ал эми 2010-жылы ал бут кийимдин жекече моделин алган — ал Mercurial Vapor Superfly II CR деп аталат.

Кызык жери, Роналду ойногон мадриддик «Реалдын» демөөрчүсү — Nike компаниясынын негизги атаандашы болгон немистердин Adidas ишканасы.

Мурда «королдук» клуб Криштиану менен контрактын 2021-жылга чейин узарткан. Жаңы келишимдин шарттары боюнча «Реал» өзүнүн башкы жылдызына сезон сайын 24 миллион евро төлөп, ага кошумча иретинде 1 миллион евролук бонус берет.

2016-жыл Роналду үчүн абдан олжолуу болгонун белгилей кетиш керек. Январда France Football португалиялыкка үчүнчү жолу «Алтын топ» тартуулады.

Майда мадриддик «Реал» менен ал Чемпиондор Лигасын утуп алды, жайында болсо Португалиянын курама командасы баарын таң калтырып Европанын чемпиондугун жеңип чыкты.