УКМК Атамбаевди өлтүрөөрүн айтып коркуткан «твиттерчинин» ким экенин аныктап жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Алмазбек Атамбаевди зомбулук менен коркуткан «Твиттер» коомдук түйүнүнүн колдонуучусу ким экенин аныктоо боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынын кызматкери Рахат Сулайманов ыкчам кызматкерлер Атамбаевди коркуткан «Твиттер» кичи блог платформасынын колдонуучусу боюнча текшерүү жүргүзүп жатышканын Kloop.kgге билдирди.

«УКМКнын кызматкерлери колдонуучунун өздүгүн жана турган жерин аныктоо боюнча тиешелүү иш жүргүзүшүүдө. Ал канча убакыт талап кылаарын азырынча айта албайм. Мындан аркы аракеттердин түзүмүнө комментарий бере албайм, бирок жазасы сот аркылуу чечилет», — деди ал.

@MuslimYugur деген тергеме ат менен кирген колдонуучу 15-ноябрда эртең менен «жакында Атамбаевди өлтүрөөрүн» жазган.

Жазуу Кыргызстанда экстремисттик уюм катары таанылган «Ислам мамлекетинин» желегин кармап турган кара кийимчен кишинин сүрөтү менен коштолгон.

«Президенти вы любите деньги и кайфовать вы скоро умрёти. Мне зовут Муслим я скоро убиваю (Президенттер силер акчаны жана жыргалчылыкты жакшы көрөсүңөр силер жакында өлөсүңөр. Менин атым Муслим жакында мен өлтүрөм. Котормо — ред.)», — деп орусча сөзмө сөз жазган колдонуучу.

Жазылган опузалар Атамбаевге эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык президенттерине багытталган.

Колдонуучулук келишимге ылайык, аккаунт быйыл ноябрда катталган. Жалпысынан ал колдонуучу тогуз твит жарыялаган. Анын жүргөн жери катары Сирия белгиленген.

Ар кандай маалыматтар боюнча Сириядагы согуш жайларында 300дөн бир миңге чейин кыргызстандыктар жүрөт. Кыргызстандын ИИМи 500 киши жөнүндө маалымат келтирет.

«Ислам мамлекети» (ИГИЛ) — дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да террордук деп таанылган уюм. Ал 2006-жылы «Аль-Каиданын» Ирактагы бөлүмү баш болуп 11 экстремисттик уюмдун биригиши аркылуу түзүлгөн.

ИГИЛ 2014-жылдын орто ченинде дүйнөгө аты чыккан, анда анын тарапкерлери Ирактын аймагына басып кирип, өкмөттүк аскерлерди талкалап өтүп, Багдадга кирип бара жаздашкан.

Уюмдун жоочулары душмандарына да, жайкын тургундарга да таш боор мамилеси менен айырмаланышат. ИГИЛдин видео роликтеринде көп учурда элди жапырт өлүм жазасына тартып, кичинекей балдарды жоочу катары пайдаланган кадрлар көрсөтүлөт.