Ош: Айыл чарба техникуму студенттерди акысыз кароолчу катары пайдаланууда

????????????????????????????????????

Ош айыл чарба техникумунун студенттери аларды окуу жайы кароолчу катары пайдаланып, баш тартса кыйынчылык жаратып жатканын айтып арызданышты. Айыл чарба техникуму студенттерди пайдаланууну мыйзам бузуу деп эсептебейт.

Күн сайын Оштогу айыл чарба техникумунун төрттөн студенти сабактын ордуна окуу жайын кайтарып отурушат. Студенттердин эмгегине акы төлөнбөйт. Техникумдун администрациясы «студенттердин укугун бузган жокпуз, анткени ички жобонун алкагында иштеп жатабыз» деп эсептейт.

Техникумдун директору Сейитбек Маматов студеттердин эмгегин пайдаланууга аргасыз экенин, анткени окуу жайынын кошумча кызматкерлерди ишке алганга каражаты жок экенин айтат. Андан тышкары, техникум такай кайтарууга ала турган кооптуу жерде турат.

«Бизде өзүнчө киши жалдаганга акча жок. Бул бюджеттик мекеме, бизде окуган студенттер аз эле. Ошондуктан өзүбүз [студенттер менен] кайтарабыз», — деди Маматов.

Техникумда беш адистик боюнча 200 студент окуйт.

Студенттердин айтымында, кароолчу болуп иштөөдөн баш тартуу окууда кыйынчылыктарды пайда кылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, алар күзөттө администрациянын кандайдыр негиздемеси жок эле турушат — аларга кимди киргизип, кимди киргизбеш керек экени айтылган эмес.

«Биз ал жакта [кароолдо] жөн эле убакытты коротуп отурабыз. Күзөткө [ар бир студент] эки айда бир чыгабыз. Баш тартсаң — баары бир мажбурлашат», — дейт студенттердин бири.

Юрист Акылбек Эсенгулов Kloop.kgге техникум менен студенттердин ортосунда түзүлгөн келишимди изилдеш керек экенин айтты. Эгерде келишим техникумдун ишин уюштурууда студенттердин эмгегин пайдаланууга жол берсе, анда аларды кароолчу катары пайдалануу толук мыйзамдуу.