Жулиан Ассанж зордуктоо тууралуу иш боюнча суракка алынды

Швед прокурорлору эки ыктыярчы аялды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды суракка алышты. Ассанж айыптоону четке кагып, бирок тергөө менен кызматташууга даяр.

Жулиан Ассанж зордуктоо тууралуу иш боюнча 14-октябрда Лондондогу Эквадордун элчилигинде швед прокурорлоруна сурак берди.

Швед прокуратурасы Ассанжды WikiLeaksтин ыктыярчысы болгон эки аялга жыныстык зордук көрсөттү деп айыптап жатат. Ассанж айыптоонун баарын четке какты.

«Ал [Ассанж] швед прокурорлоруна билдирүү жасаганга мүмкүнчүлүк берилгенине абдан кубанычта. Ал абдан тыкат даярданган, ал өз билдирүүсүн жарыялайт жана [тергөө менен] толук кызматташат», — деп билдирди BBCге Ассанждын адвокаты Пер Самуэлсон.

Элчилигинде Ассанж жашап жаткан Эквадордун өкмөтү адвокатты суракка катышуудан четтетти.

«Эквадор өкмөтү менин кардарымдын мен ошол жакта болушумду каалаганын эске албай, сурак менсиз жүрүшү керек деп көшөрүп жатат», — деп кабарлады Самуэлсон The Guardian басылмасына.

Сурактан кийин прокурорлор иликтөөнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алышат. Reuters маалымат агенттигинин жазганына караганда, швед прокуратурасы Ассанждын ишин токтотууну чечсе деле, ал күрөө коюп бошотуунун британдыктар койгон шартын бузганы үчүн камакка алынышы мүмкүн.

Жулиан Ассанж — WikiLeaks ресурсун негиздөөчү, анда ар кандай жашыруун материалдар жарык көрөт, алардын арасында Ооганстандагы, Сириядагы жана Ирактагы аскердик кагылыштар тууралуу документтер бар.

2010-жылы Швециянын бийлиги зордуктоого байланышкан иш боюнча Ассанжды токтоосуз экстрадициялоону талап кылган. WikiLeaksтин негиздөөчүсү ал учурда Лондондо жүргөн. Британ соту аны экстрадициялоо тууралуу бир жылдан кийин гана чечим кабыл алган.

2012-жылы Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинде саясий башпаанек алып, азыр да ошол жакта турат.