Каржы министрлиги КТРКнын эки миллион сомун эмне үчүн алып койгонун түшүндүрдү

Каржы министрлиги КТРКнын эки миллион сомун «үнөмдөлгөн каражат» катары алып койду, анткени мамлекеттик бюджетти оптималдаштырды. КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков алынып ташталган каражат «үнөмдөлгөн» болушу мүмкүн эмес экенин, анткени ал тендер үчүн бөлүнгөнүн айтып чыкты.

Эки миллион сомдун алынып ташталганы тууралуу Коомдук телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков «Фейсбук» аркылуу жарыялап, ага каржы министри менен үч ай бою телефондон байланыша албай, иш боюнча кире албай койгонун жүйө келтирди.

Карыпбеков КТРКга эки телеканалды жабдуу менен камсыз кылыш үчүн министрлик алты миллион сом бөлүп бергенин жазды. Утуп чыккан компания төрт миллион сомго жабдуу алып берүүгө милдеттенген. Карыпбековдун айтымында, Каржы министрлиги калган эки миллион сомду алып койгон.

КТРКнын башчысынын билдирүүсүнөн кийин Каржы министрлиги телерадиокорпорациянын эки миллион сому эмне үчүн алынганын өзүнүн расмий сайтында түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматы боюнча, акча бюджеттин каражаттарын үнөмдөө максатында чыгашаны оптималдаштыруу боюнча өкмөт токтомунун негизинде алынып коюлган.

Каржы министрлиги 2016-жылдын 2-августунда кол коюлган жарлыкка таянууда. Ага ылайык, бюджеттик мекемелерден товарларды, иштерди жана кызматтарды мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн акча чогултулат.

«Каржы министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик органдардын чыгашасын, айрыкча мамлекеттик телерадиокомпаниялардын чыгашасын азайтуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алышкан эмес», — деп айтылат Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекеме КТРКнын директоруна Кыргызстандын аймагында санариптик көрсөтүүгө өтүү программасын аткаруу маселелерин координациялаган Маалымат жана жалпы коммуникация департаментине кайрылууга кеңеш берген.

Мындан тышкары, басма сөз кызматы ага КТРКнын башчысынан министр менен жолугушуу тууралуу расмий сурам келбегенин билдирди.

Карыпбеков алынган акча үнөмдөлгөн каражат боло албайт, анткени ал тендер үчүн бөлүнгөн каражаттардын калдыгы деп эсептейт.

«Бул тендерден калган эки миллион сомдук калдык таптакыр үнөмдөлгөн каражат боло албайт, анткени зарыл болгон нерсенин кичине бөлүгүнө да жетпейт», — деп жазды ал.

Анын жазганына караганда, алты миллион сом өкмөттүн токтому менен Кыргызстанда санариптик телекөрсөтүүгө жана радиоуктурууга өтүү боюнча программаны аткаруу максатында бөлүнгөн.

Карыпбековдун сөзү боюнча, бөлүнгөн акча каражаттарына «техникалык жабдуу» сатып алуу пландаштырылган.

«Бир сыналгы каналын санариптик көрсөтүүгө өткөрүүгө зарыл болгон толук жарамдуу жабдуу үчүн жүздөгөн миллион сом талап кылынат, биз болсо өкмөткө ушул сумма үчүн деле ыраазы болчубуз, бул кичине да болсо биз үчүн олуттуу жардам эле», — деп жазды ал.

Карыпбеков Каржы министрлиги мурда «секвестирлөөнүн алкагында» телеканалдын бюджетинен 2016-жылы 39 миллион сомдук «рекорддук сумманы» алып жүргөнүн жазды.