Кыргызстанда 30 күн катталбастан мурдагыдан да көп өлкөнүн жарандары жүрө алышат — эми бул тизме 67 өлкөнүн ордуна 90 өлкөдөн турмакчы.
Ошентип, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясында жазылган чет өлкөлүктөрдү каттоо тууралуу жобо иш жүзүндө жокко чыгат.
Бул мыйзам 4-ноябрда күчүнө кирип, бардык чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга келгенден кийин беш күн ичинде Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) каттоого турууга милдеттендирген.
Өлкөнүн инфратүзүмү жаңы мыйзамга даяр эмес болуп чыгып, КТБларда абдан узун кезектер топтолуп калды.
Мындан тышкары, бийлик чет өлкөлүктөргө зарыл документтердин тизмесин бере албай койду.
Натыйжада жаңы мыйзам жалпы коомчулук тарабынан да, бир катар саясатчылар тарабынан да катуу сынга алынды. Алардын арасында ушул мыйзам үчүн добуш берген депутаттар да бар.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 күн өткөн соң өкмөт өзүнүн жаңы токтому менен 67 өлкөнүн жарандары үчүн катталуу мөөнөтүн беш күндөн отуз күнгө чейин узарта тургандыгын жарыялады.
Жарандары жеңилдетилген каттоодон өтө турган өлкөлөрдүн тизмесине Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү, ошондой эле АКШ, Канада, Австралия, Жапония, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Түштүк Американын бир нече өлкөсү кирди.
17-ноябрда өлкөнүн бийлиги андан ары кадам таштады — өкмөт алдында түзүлгөн мекеме аралык комиссия 90 өлкөнүн жарандарына жеңилдетилген тартипте катталууга уруксат берилээрин жарыялады.
Бийлик азырынча ал өлкөлөрдүн соңку тизмесин ачыкка чыгара элек.
ТИМдин өкүлү Роман Денисов соңку тизмеге «экономикасы жогорку деңгээлдеги Батыш жана Азия өлкөлөрү, ошондой эле бир катар араб өлкөлөрү киргенин» билдирди.
«Бул документ даярдалып жатканда биз тигил же бул өлкөдөгү аскердик-саясий кырдаалдан тартып жугуштуу оорулардын очогуна чейинки көп нерселерди, экономикалык жагын кошуп көп жагдайларды эске алдык», — деди ал.
Бийлик бул тизмеге КМШ өлкөлөрү кирээр-кирбесин так айта элек.
Ошондой эле бул токтом качан күчүнө кирээри белгисиз, бирок өкмөт аны карап жатканы аныкталды.
Журналисттердин алдында сүйлөп жатып, мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрү айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылышы мүмкүн экенин билдиришти.
«Документтин биз сунуш кылган редакциясы, алар өз аймагында турган биздин калкка карата колдонгон тартиптерге жана режимдерге жараша айрым өлкөлөрдүн жарандарын 28 күндөн 90 күнгө чейин [каттоодон бошотууну] камтыйт», — деди ТИМдин өкүлү Денисов.
Бийлик ошондой эле өлкөдө жүрүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматты камтыган «кирүү карталарын» ишке киргизүүнү сунуш кылууда.
Юстиция министринин орун басары Махамаджан Иминовдун айтымында, мындай чара Мамкаттоого чет элдиктердин өлкө ичинде «жүргөн мөөнөтүн байкоого» жардам берет.