Ош: Кытай дипломаттары мэрге жол тандабас жаңы автоунаа белек кылышты

Ош мэриясы кытай дипломаттарынан жаңы «Тойота Лэнд Крузер 200» жол тандабасын тартууга алды. Аны дароо шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев пайдалана баштады.

Ош мэриясынын муниципалдык менчикти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов «Азаттык» үналгысына кытай дипломаттарынан алынган автоунаа мэриянын балансына өткөрүлө турганын билдирди.

Жол тандабастан тышкары, Оштогу Кытай консулдугу шаар жетекчилигине тез жардам автоунаасын белек кылып, ал азыр өткөрүлүп алынып жатат.

Белекке берилген «Тойота Лэнд Крузер» болжол менен 2015 же 2016-жылы чыгарылган. Расмий сайтта мындай комплектациядагы автоунаа 4 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин турат.

Жол тандабаска мурда мэр Кадырбаевдин кызматтык автоунаасында колдонулган 0001ОА мамлекеттик номери бекитилди.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы мындан тагыраак комментарий берген жок.

«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Фатима Якупбаева эгерде кытай дипломаттарынын белек бергени тууралуу документтер бар болсо мэр автоунааны пайдаланышынан эч кандай мыйзамсыздык көрбөйт.

Бирок ал белектин өзү суроо жаратканын кошумчалады — кытай консулу мындай тартуу кылышына эмне себеп болду экен?

Былтыр Кадырбаевди Оштун коомчулугу кескин сынга алган соң ал бюджеттик каражаттардын эсебинен жаңы автоунаа сатып алуудан баш тарткан.

Жаңы автоунаа сатып алуу тууралуу чечим мэрия ага чейин эки жыл мурун сатып алган эски автоунаанын пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгү менен түшүндүрүлгөн.

Сүрөт: Ыдырыс Исаков