Крым оккупацияланган аймак катары таанылды. Эмне белгилүү?

БУУнун комитети Крым Орусия тарабынан оккупацияланганын 16-ноябрда тааныды. 14-ноябрда Гаагадагы Эл аралык сот Орусияга Крым менен Севастополдун кошулушун Украина менен Орусиянын ортосундагы «эл аралык чатакка» теңеди. Орусиянын бийлиги резолюцияны «үгүт баракчасы» деп атап, соттун баяндамасын «чындыкка туура келбейт» деди.

БУУнун социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча үчүнчү комитети Крым Автономиялуу Республикасындагы жана Севастополь шаарындагы адам укуктары боюнча резолюция кабыл алып, анда Орусияны оккупант катары тааныды. Резолюция үчүн 73 өлкө добуш берип, 23ү каршы чыгып, 76 өлкө арабөк калды.

Резолюциянын долбоору Киев тарабынан даярдалган.

Владимир Ельченконун айтымында, Крымдын тургундары Орусиянын авторитардык режиминен жабыр тартышууда. Сүрөт: Vector News жаңылыктары

«Крымдын 2,5 миллион тургуну авторитардык режимден жабыр тартып, коркуп, эч кандай жардамсыз, өз укуктарын коргогонго эч кандай мүмкүнчүлүгү жок жашап жатышат», — деди Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко.

Резолюцияда Украинанын бир бөлүгүн — Крым Автономиялуу Республикасын жана Севастополь шаарын — Орусиянын убактылуу басып алышы сынга алынат.

Документте Орусия Крымдагы адам укуктары жаатына «тескери» таасир этип атканы көрсөтүлөт.

Резолюция боюнча, Крымдын тургундарынын укуктарын Орусиянын  оккупациялык бийлиги бузуп жатат — ага киши өлтүрүү, киши уурдап кетүү, саясий кылмыш куугунтугу, коркутуу, зомбулук, каалаганын кармап кетүү, кыйноо кирет.

Ошондой эле Крымдын жашоочулары негизги эркиндикти — өз оюн айтуу, өз динин тутуу эркиндигин пайдалана албай, тынч чогулуу укугун колдоно албай келишет.

Резолюцияда Орусия Крымдын жашоочуларынын укуктарын басмырлоону «кечиктирбестен» токтотуп, журналисттер жана укук коргоочулар үчүн «коопсуз» шарт түзүп, алардын ишине кийлигишпеши керек экени айтылат.

Документтин үстүндө 38 өлкө, анын ичинде Улуу Британия, АКШ жана Франция иштеген.

«Крымдагы адам укуктарынын абалын кабыл алууга болбойт»,— деп комментарий берди өз «Твиттеринде» резолюциянын долбоору боюнча Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.

Украинанын ТИМиин сайтында жазылганына караганда, БУУнун расмий документтеринде Орусия биринчи жолу «оккупант-мамлекет» катары таанылууда.

Орус бийлигинин реакциясы

Орусия дипломаты Александр Викторов БУУнун резолюциясын «үгүт баракчасы» деп атады. Сүрөт: ОИАнын Мамлекет жана укук институту

Орусия ТИМинин Гуманитардык кызматташтык жана адам укуктары боюнча департаментинин директору Александр Викторов БУУда резолюция кабыл алынаарда чыгып сүйлөп, аны «үгүт баракчасы» деп атады.

«Бул жолу тигил же бул өлкө үчүн эмне жакшы болоорун айтуу укугун ээлеп алган өлкөлөрдүн тобуна орусиялык Крым бута болуп илинип отурат. Биз резолюциянын бул долбоору Крымдагы чыныгы абалга да, бул жарым аралдын тургундарынын пикирине жана кызыкчылыгына да туура келбей тургандыгы тууралуу жүйөлөрдү бир нече жолу келтиргенбиз», — деди ал.

Анын айтымында, резолюциянын долбоору БУУнун Башкы Ассамблеясынын Үчүнчү комитетинин компетенциясына тиешеси жок. Ал резолюциянын автору болгон өлкөлөр адам укуктарын «саясий оюндун каражатына» айлантып жатышканын айтты.

«Бизге бул каралып жаткан долбоордун саясий, жалданма жана чындыктан алыс мүнөзү көрүнүп эле турат», — деди ал.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Евгений Зайганов резолюцияны Москвага басым көрсөтүү далалаты деп баалап, документ «бир тараптуу» экенин айтты.

Ал резолюцияда украин бийлигинин мыйзам бузган учурлары — электр энергиясын өчүрүп салуу, банктык тейлөөнү токтотуу жана Крым менен сооданы токтотуу жазылбай калганын көрсөттү.

Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев резолюцияны БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алса да ал «эч кандай милдеттендирүүчү күчкө» ээ болбой турганын айтты.

«Бирок мындай катуу резолюциялардын пайда болушу Крымдын, Донбасстын жана Украинанын тегерегиндеги бардык маселелерди жөнгө салууга эч кандай өбөлгө түзбөйт», — деди ал.

Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко чет өлкөлүк уюмдар Крымга келип иштей алышаарын, бирок бул айрым түзүмдөр тарабынан «саясий кызыкчылыктын каражаты катары» пайдаланбаса гана ошондой болоорун айтты.

Крым боюнча Эл аралык кылмыш сотунун баяндамасы

Прокурор Фату Бенсуда Крымдын Орусияга кошулушун «эл аралык куралдуу кагылышка» теңеди. Сүрөт: JBC | Somalia

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсуда 14- ноябрда Крым менен Севастополдун Орусияга кошулушун Орусия менен Украинанын ортосундагы «эл аралык куралдуу кагылышууга» теңеди.

«Бул эл аралык куралдуу кагылышуу Орусия Федерациясы Украинанын макулдугун албастан Украинанын аймагынын бөлүктөрүн көзөмөлдөш үчүн өз куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамын пайдаланган [2014-жылдын] 26-февралынан кечикпей башталган», — деп айтылат прокурор Фату Бенсуданын маалыматында.

Крымдагы азыркы абалды прокурор «оккупация абалынын улантылышы» деп атады.

Баяндамада Орусия Крымдын жашоочуларына карата жасады деген болжолдуу кылмыштар — Крым татарларын кысымга алуу, киши уурдоо, киши өлтүрүү, таш боор мамиле, камак, аскер кызматына мажбурлоо саналып өткөн.

Эл аралык сот иликтөөнү Украинанын эки кайрылуусунан кийин баштаган. Прокурор Фату Бенсуданын маалыматы сот жүргүзгөн баштапкы иликтөө тууралуу баяндайт. Иликтөө качан башталганы жана качан бүтөөрү көрсөтүлгөн эмес.

Эл аралык кылмыш соту мааниси жагынан БУУнун Эл аралык сотунан кийинки экинчи орунда турат. Ал жеке жоопкерчилик менен байланышкан маселелерди карайт — геноцид, согуш кылмыштарны жана адамзатка каршы кылмыштар сыяктуу иштер боюнча чечим чыгарат.

Орусиянын бийлигинин реакциясы

Орусиянын президенти Владимир Путин прокурордун баяндамасынан кийинки күнү эл аралык кылмыш укугунун Рим статутунан баш тартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Рим статуту — бул Эл аралык кылмыш сотунун ишмердүүлүгүн жөнгө сала турган документ.

Орусия Рим статутуна 2000-жылы кол койгон, бирок аны ратификациялаган эмес — башкача айтканда Эл аралык кылмыш сотунун толук укуктуу мүчөсү эмес болчу.

Дмитрий Песковдун айтымында Орусиянын Рим статутуна катышуудан баш тартышы прокурор Фату Бансуданы баяндамасына байланыштуу эмес. Сүрөт: The New Times

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков баяндаманы «чындыкка каршы келет» деди.

«Мындай чечмелөө, албетте, чындыкка, биздин позициябызга жана Крымдын жашоочулары Орусия Федерациясынын курамына кирүү жөнүндө чечим кабыл алып жатканда билдирген позицияга  карама-каршы келет», — деди  Песков.

Песковдун айтымында, Москванын бул кадамы прокурордун баяндамасы менен эч байланышкан эмес.

2014-жылы 16-мартта өткөрүлгөн референдумдан кийин Крым Орусиянын курамына кирген. Расмий маалыматтар боюнча, крымдыктардын 96 пайыздан ашыгы жарым аралдын жана Севастополдун Орусияга кошулушун колдошкон.

Владимир Путин референдумга даярдык маалында жарым аралда орус армиясынын өздүк курамы — 20 миңге жакын аскер болгонун билдирген.

БУУнун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн көпчүлүгү Крымдагы референдумдун жыйынтыгын тааныбайт. Крымды Орусия кошуп алган соң Евробиримдик менен АКШ орусиялык ишкерлерге жана аткаминерлерге каршы санкцияларды киргизишкен.

Негизги сүрөт: InfoResist