Кыргызстандын ТИМи Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар экендиги тууралуу Киевдин дооматына комментарий бербей жатат

Тышкы иштер министрлиги анын Петр Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар экендиги тууралуу Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголконун дооматы боюнча азырынча комментарий бере элек. Доомат орусиялык пранкер (шакабачы) Вован Кыргызстандын жасалма президенти Алмазбек Атамбаев менен Порошенконун сүйлөшкөн сөзүн жарыкка чыгарган соң коюлган.

Кыргызстан ТИМинин басма сөз кызматынын кызматкери Чынгыз Юнусов Kloop.kgге Украинанын президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголконун дооматтарына байланыштуу мекеме «азырынча комментарий бере албай тургандыгын» айтты.

Святослав Цеголко Кыргызстандын ТИМин Петр Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыптады. Сүрөт: Антон Наумлюк

Цеголко Кыргызстандын ТИМин анын кызматкерлери Петр Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси болушу мүмкүн деп айыптаган.

Украина президентин шакаба чегүүнү уюштурууга Кыргызстандын ТИМинин тиешеси бар экендигин Украинанын атайын кызматтары жүргүзгөн иликтөө далилдегенин Цеголко «Фэйсбуктагы» өз баракчасында жазып чыкты.

«Алар [Кыргызстандын ТИМи] Кыргызстандын президенттик администрациясынын байланыш телефондорун берип, сүйлөшүүнү уюштурууга өбөлгө түзүшкөн», — деп жазды ал.

Святослав Цеголко Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу жаңылык Украина президентинин сайтында жарык көргөн соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Украина менен бир нече күн бою байланышкан чыгышпаганын айтат.

Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Порошенконун жасалма Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун Вован деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон орусиялык шакабачы Владимир Кузнецов 17-ноябрда жарыкка чыгарганына ушундай жооп кылды.

Пранкерлер Порошенкону шакаба чегүү жөнүндө

Орусиялык пранкерлер Алексей Столяров жана Владимир Кузнецов Кыргызстандын ТИМине болушуп чыгышты. Сүрөт: Александр Полегенько / РИА Новости

Лексус деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон орусиялык пранкер Алексей Столяров Украинанын президенти Цеголкого кайрылып, Кыргызстандын ТИМин коргоп чыкты.

«Макул, ал түйүнгө чыгып кетти дейли, бирок ошону деле адаттагыдай кылбай, жакшынакай жасаса болот да. Ал сенин өлкөңдүн президенти, анан эгер ал орусиялык шакабачылар менен талашка кирсе, бул асбурддан да жаман көрүнөт. Болгондо дагы ушунча жек көрүү менен, үчүнчү мамлекетти кошуп сүйлөп жатса. Эми ага тамаша болгонун түшүндүрүп кой да. Ал тургай жогору жактагылардын бирөө уюштурганына ишенсең деле. Анда муну жөн гана чындык катары кабыл алып кой», — деди ал «Фэйсбуктагы» өз баракчасында.

Башка пранкер Владимир Кузнецов шакаба чегүүнү Алексей Столяров менен чогуу жүргүзгөнүн Орусиянын «МК» басылмасы менен болгон маегинде айтып берди.

Анын айтымында, Украина президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда «Порошенко бир аз кызып калгандай» көрүнгөн.

«Эмнеси болсо да Алмазбек Шаршенович Порошенкодон улуу болсо да ал маектешине дароо эле "сен" деп кайрыла баштады. Айрыкча бизди "карачы", "угуп тур" деген сыяктуу сөздөрү таң калтырды. Бир кезде Петр Алексеевич такыр эле Кыргызстанды Түркмөнстан менен алмаштырып алды», — деди Кузнецов.

Кузнецов ошондой эле Интернетке 40 мүнөттүк сөздүн 15 мүнөтү гана чыгарылганын, анткени калганы анча кызык болбогонун кошумчалады. Мындан тышкары ал сүйлөшүүнүн жазуусу мурда жарык көрбөгөнүн, анткени пранкерлер ал кезде дагы бир шакаба даярдап жатышканын билдирди.

Башынан эле шакабага тиешеси бар деп болжонгон эки пранкер тең Порошенкого телефон чалышканын танып келишкен болчу.  

Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров — ноябрдын башында Порошенкого чалган орусиялык шакабачылар. Порошенкого чейин алар ар кайсы өлкөлөрдүн саясатчыларын жана атактуу адамдарын шакаба чегишкен.

Алардын телефон аркылуу уюштурган шакабасына Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган туш болгон.

Журналисттер менен болгон маектеринин баарында пранкерлер Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы бар экенин танып жүрүшөт.

Чагым салып чалгандар

Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу жаңылык Петр Порошенконун сайтында жарык көргөн.

Жасалма Атамбаев менен Порошенко Крым жана Украинанын чыгышындагы өзүн өзү жарыялап алган республикалар тууралуу сүйлөшүп, аларды «террористтик бирикмелер» деп атаган.

Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путинди Крымда баары «жек көрүшөөрүн», анткени ал адамдарды алдап коюп, алар жабыр тартып жатышканын айтканы жазылып калган.

Порошенконун айтымында, Орусиянын бийлиги Крымдын Орусияга кошулушу боюнча референдумдун жыйынтыгын «сүрөт кылып тартып» койгон.

Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы 2-ноябрда билдирген.

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп жазылган эле Украина президентинин сайтында.

Кыргызстандын президентинин аппараты телефон аркылуу сүйлөшүү тууралуу маалыматты жокко чыгарган. Кыргызстан президентинин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков «Украинанын мамлекет башчысын кимдир-бирөө тамашалап койсо керек» деген пикирин айткан.

Сапар Исаковдун билдирүүсүнөн кийин Порошенко менен Атамбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу кабар Украина президентинин сайтынан алынып ташталган болчу.

Кийинчерээк Украинанын ТИМинин жетекчиси Павел Климкиндин демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, маселе жөнгө салынган.

Кыргызстандын ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев 9-ноябрда парламент жыйынында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандан телефон чалып «чагымчылык» кылышканын моюнга алган.

Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР:

Кыргызстандын ТИМи Порошенкону шакаба чегүүгө тиешеси бар деп айыпталды

Пранкер Вован Порошенконун жасалма Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн жазуусун жарыялады