Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккандарды КУУда сөз сүйлөтпөй коюшту

Оппозиционер Адил Турдукулов кабарлагандай, Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан эки үгүт тобунун мүчөсүн Кыргыз улуттук университетинин мугалимдери студенттер менен болгон жолугушууда сөз сүйлөтпөй коюшкан. Университеттин администрациясы азырынча бул боюнча комментарий бере элек. 

Оппозиционер жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан үгүт топторунун биринин мүчөсү Адил Турдукулов Kloop.kgге кабарлагандай, анын кесиптеши Мавлян Аскарбековду КУУнун студенттери менен болгон жолугушуудан кууп чыгышкан. Аскарбеков студенттерди Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы добуш берүүгө үгүттөөнү пландап жаткан.

«Бул мамлекеттик мекеме экени түшүнүктүү эле, бирок окуу жайдын администрациясы үгүт жүргүзүүгө мыйзамсыз уруксат бербей жатат. […]. Бул административдик ресурстун түз колдонулушу жана Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы агитация жүргүзүүгө окуу жайыдын администрациясы менен мугалимдерин колдонуу. Алар мамлекеттик органдардын тарабындагы топторго платформа түзүп берип жатат», — деди ал.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан экинчи үгүт тобунун мүчөсү укук коргоочу Рита Карасартова Kloop.kgге айткандай, аны студенттердин алдына чыгып сөз сүйлөтпөй коюшкан.

Айтымында, КУУда алар үгүттөөчүлөрдүн графигин алдын ала илип коюшкан. Карасартова айткандай, студенттер менен болгон жолугушууга «бийлик койгон» бир гана юристтерди киргизишкен.

15152481_1783484218591320_84803164_o

Укук коргоочунун айтымында, качан ал барып, сөз сүйлөө үчүн аянт түзүп берүүсүн өтүнгөндө, «окуу жайдын мугалимдери студенттерди таратып жиберишкен».

«Биз бардык керектелген документтерди алып, ал жакка барганбыз. Албетте, анан ошол “майда убаракерчиликтер” башталып, эмне үчүн барганыбызды сурашты», — деди ал.

Карасартова кошумчалагандай, окуу жайдын өкүлдөрү аудиторияны өзгөртүүлөргө каршы топтор үчүн чогултпаганын айтышкан. «Бийлик тарабынан бекитилген» юрист өзгөртүүлөргө каршы чыккан үгүт топторунун жанында сөз сүйлөөдөн баш тарткандан кийин алар студенттерди аудиториядан чыгып кетүүсүн айтып кыйкыра башташкан.

«Эгер силердин юристиңер сүйлөгүсү келбесе, мага айтып берүүгө уруксат бергиле десем, алар каршы болушту», — деди ал.

Карасартова, чыр-чатакка жол ачкан мындай абалды түзгөн КУУнун мугалимдеринин үстүнөн арыз жаза турганын айтты.

«Бул абал боюнча айтпай деле койсок болмок, бирок биз жолугушууларды өткөрө беребиз. Эгер мындай мамилелер тууралуу кабар бербесек, анда алар мындай мамилени уланта беришет», — деди ал.

Кыргыз улуттук университетинин администрацисынан бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы үгүт топотору Боршайкомдо катталып, 15-ноябрдан тарта референдумда добуш берүү боюнча эл менен жолугушуу өткөрүү укугуна ээ.

Элдик референдум 11-декабрга белгиленген, ошол эле күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоолор да өтмөкчү.

ТЕМА БОЮНЧА:


Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?