Журналист Юлия Барабина бир жылдан бери 13 жыл мурда Бостери айылынын түшүмдүү жерине мыйзамсыз таштанды полигонун уюштурган Ысык-Көл районунун бийлиги менен күрөшүп келүүдө. Бостери айылдык кеңеши таштанды төгүлгөн жайды жок кылууну каалабайт жана жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай ал жерди мыйзамдаштырууну пландоодо.
Бостеридеги адамдар жашаган аймактан 300 метр аралыкта 13 жылдан бери мыйзамсыз таштанды полигону жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын арыздары журналист Юлия Барабина «Фэйсбукта» ири акцияны баштаганга чейин каралбай келген. Ошондон кийин гана жергиликтүү бийлик жашоочулардын арыздарына жооп бере баштаган.
Активисттер тарабынан таштанды полигонунун мыйзамсыз экени далилденсе да, бийлик аны мыйзамдаштырууну чечкен. Айтымында, аны «эч жакка» деле көчүрүүгө болбойт.
Кыскача:
- Бостеринин түшүм берүүчү бактарга ылайыкталган аймагын 2003-жылы мыйзамсыз түрдө таштанды полигонуна айланткан;
- 2003-жылдан 2015-жылга чейин бийлик жашоочулардын таштандыны башка жакка көчүрүү боюнча талаптарын карабай келген;
- Таштанды полигону төрт гектарга жайылып, жашоочулардын үйлөрүн 300 метр аралык бөлүп турат;
- 2015-жылы журналист Юлия Барабина «Фэйсбук» коомдук тармагында эко-кампанияны баштаган;
- Бостери айылдык кеңеши таштанды полигонунун мыйзамдуулугун айтып келет;
- Полигондун мыйзамсыз экенин далилденген, бирок ысыккөлдүк бийлик өкүлдөрү таштандыны мыйзамдаштырууну чечкен.
Кененирээк:
Ысык-Көлдүн Бостери айылынын тургуну журналист Юлия Барабина жана 170 үй-бүлө таштандынын үйлөрүнө жакын жайгашканына нааразы. Ал бир жылдан бери аймактын экологиялык коопсуздугу үчүн күрөшүп, «Энтузиаст» бирикмеси менен Бостеринин түшүм берген жерлеринен таштандыны башка жерге которууну талап кылууда. Алар президентке үзгүлтүксүз кат жазышып, бирок алардын каттарына бийлик жооп берген эмес.
Таштанды полигонуна жакын туруу жашоо үчүн кооптуу. Полигондун тоолуу көлдүн жээгиндеги түшүм берген аймакта жайгашышы экологияга оңбогон зыян келтирет. Көлдүн жападан жалгыз экологиялык чыпкасы болгон чычырканак бадалдары, эгер Ысык-Көлдү азыктандырган жер астындагы суулар булганса, зыян менен күрөшө албайт.
Таштанды полигону менен коңшулаш жашоонун кооптуулугу тууралуу БИОМ экологиялык кыймылынын адиси Анна Кириленко мындайча түшүндүрөт.
«Мындай чоң таштандыга жакын жашоо өтө кооптуу. Таштандынын ичинде стихиялык өрт чыгышы мүмкүн. Бул абаны уулагандыктан өтө кооптуу. Жер кыртышы оор металлдар менен булганат. Ошондуктан анын жанына эч нерсе отургузууга болбойт, мал жандыктарын багууга такыр болбойт. Көлгө кире турган жер астындагы суулар да булганышы мүмкүн», — дейт ал.
Таштандынын мыйзамсыз экендиги 2015-жылы далилденип, көз карандысыз экспертиза жүргүзүлгөн. Анын мыйзамсыз экендигин Караколдун прокуратурасы да тастыктаган. Бирок бул жергиликтүү бийликтин таштанды полигонун мыйзамдаштырууга тоскоол болгон эмес.
Жаратылышты коргоо боюнча республикалык фонд бул көйгөйдү чечүү үчүн миллион сом бөлгөн. Жергиликтүү бийлик өз бюджетинен 500 миң сом кошуп, аймактын шартын жакшыртуу боюнча иштерди башташы керек болчу.
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Асеинов таштандыны башка жерге көчүрүү бир гана Юлия Барабинага керек деп эсептейт жана муну «бир эле адам үчүн кылуунун» мааниси жок.
«“Энтузиасттын” активисттери менен макулмун, бирок мен эч нерсе кыла албайм, башка таштанды үчүн башка жер жок. Туристтик комплекстер, ден соолукту чыңдоочу профилактикалык жайлар, 15 миң калк. Бир адам үчүнбү? Мунун баарын алар кайда көчүрүшөт. Барабина жазды, ооба, бирок качан жетекчилик келгенде, башка жер жок, эч кайда көчүрүүгө болбойт деп чечилген! Түшүнүп жатасыңарбы? Эч кайда», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.
Асеиновдун айтымында, таштандынын кызматкерлери жана көзөмөлү үчүн имараттын курулушу жүрүүдө, анын айланасындагы кашаа орнотулган. Таштандынын биринчи мыйзамсыз экени тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлү жооп бербей, телефонду өчүрүп салды.
Жаратылышты коргоо боюнча республикалык фонд 2015-жылы таштанды аймагын жакшыртууга миллион сом бөлүп берген. Жергиликтүү бийлик ага дагы 500 миң сом кошуп, ишти баштоосу керек болчу.
Юлия Барабина полигонду жакшыртуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканын айтып берди. Өткөн жылдын эсеби боюнча, бир жарым миллион сомго таштандыны 100 метр ары жылдырышып, тор менен тосуп, администрация үчүн үй салышкан.
«Мага таанышуу үчүн жөнөтөбүз деп убадалаган болсо да, бирок алар алигече мага уруксат кагаздарын жибере элек. Мамэкотехинспекциясынын экспертизасын алмайынча таштандыда бир нерсе курууга болбойт. Алардын таштандыны 100 метрге жылдыруусу абалды ого бетер начарлатты. Анткени мурда таштанды аңда болсо, азыр ал бийгирээкте жайгашып калды — шамал сасык жытты көтөрүүдө», — дейт ал.
Юлия Барабина бир жылдан бери күрөшүп келаткан көйгөй коомчулуктун көңүлүн бурса да азырынча чечиле элек.
Бийлик таштанды талаасынын мыйзамсыздыгы фактысын аны мыйзамдаштыруу менен жоюуда. Ал эми жашоочулар болсо мындан ары да таштанды полигонуна жакын жерде жашоого мажбур.
«Полигондун [100 метрге] “көчүрүлгөнүнө” карабастан ал дагы деле өтө жакын жайгашкан. Биз баарыбыз коркуу менен ал жерге качан таштанды алып келе башташын күтүп олтурабыз», — дейт Юлия Барабина.
Полигонго таштанды айланадагы бардык пансионаттардан алынып келинген. «Независимая экологическая экспертиза» коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, пансионаттарды тейлөө менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы алектенген.
Компания пансионаттар менен келишим түзүп, алардын таштандысын мыйзамсыз полигонго ташып турган. Түзүлгөн келишимдер пансионаттын ээлерине экопаспортту камсыздап, мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берип турган.
Таштанды төрт гектар аянтка чейин кеңейген — бул беш футбол талаасын ээлеген аймак.
«Абалдан чыгууга болбойт: сасык, чымын-чиркей, пластик. Ал жерде жашаганга, албетте, болот, бирок эс алганга мүмкүн эмес», — деп сүрөттөйт Барабина таштанды полигонунун жанындагы жашоону.
Журналист Бостери айылында кыймылсыз мүлккө ээ жана айтымында, таштанды анын үйүнө 300 метр жакындап калганда баарын сатып кетүүгө даяр болгон.
«Ал жерде абал оор, сасык жыт, целлофандар учуп жүрөт, ошондуктан адамдар ал жерден дача сатып алгысы келбейт. Таштанды менен өлгөн малдан улам ал жерде дайым сасык жыт. Бул бизнеске катуу таасир этүүдө, бизге эс алуучулар келбей калышты, ким таштандыда эс алгысы келсин», — дейт Бостеринин тургуну Ольга.
Бостеринин тургундары таштанды талаасын рекультивациялоону 2011-жылы өтүнүшкөн, бирок алардын талабын карабай коюшкан. Ошондуктан 2015-жылы Юлия Барабина жана жергиликтүү багбан менен фермерлердин «Энтузиаст» бирикмеси полигонго каршы интернет-кампаниясын башташкан.
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Асеинов активисттердин арызын качан гана алар бул теманы «Фэйсбук» коомдук тармагында көтөргөндө кабыл алган. Ал таштанды полигону бийлик тарабынан уюшулуп, мыйзамдуу экенин кабарлаган. Таштанды талаасынын мыйзамдуулугун райондук прокурор да айткан.
«Жогорку инстанцияга» кайрылуу эч нерсе алып келген эмес. Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев активисттерге таштандыны иштетүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иши экенин айткан.
Юлия Барабина экспертиза жүргүзүү керек экенин айтып, Салматтык сактоо министрлигинен тартып Мамэкотехинспекцияга чейинки ар кайсы инстанцияларга жазган. Натыйжада 2015-жылдын июнунда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, таштанды мыйзамсыз курулганын далилдеген.
Таштанды талаасынын мыйзамсыз экенине карабай, жергиликтүү бийлик аны мыйзамдаштыруу ниети бар экенин билдирген. Анткени таштандыны башка «эч кайда көчүрүүгө» мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундардын кыжырдануусуна алар кайрадан жооп бербей калышкан.
Бостеринин жашоочулары 13 жыл толугу менен таштанды полигонун чечип берүүнү өтүнгөн, бирок бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары таштанды айыл аймагында мыйзамдуу түрдө эле жайгашканын айтышса, кээде арыздарга эч кандай жооп беришкен эмес.
Таштанды талаасы 2003-жылы бардык санитардык жана экологиялык эрежелерге каршы болсо да түзүлгөн.
Сүрөт: Юлия Барабина