Индияда тез жүргөн поезддин кулашы 140 кишинин өмүрүн алды [жаңыланды]

Индияда Уттар-Прадеш штатындагы темир жол станциясында тез жүргөн поезддин дароо 14 вагону рельстен чыгып кетти. Кырсыктын айынан 140тан ашуун киши каза таап, 250гө жакыны жарадар болду.

Темир жол кырсыгы Уттар-Прадеш штатындагы Канпур шаарынан анча алыс эмес жерде 20-ноябрда түнкү саат үчтө, поезддин дээрлик бардык жүргүнчүлөрү уктап жаткан маалда болду. Индор-Патна багыты боюнча чоң ылдамдык менен келаткан жүргүнчү ташуучу поезддин 14 вагону рельстен чыгып кетти.

Кырсыктан 140тан ашуун киши курман болуп, 250гө жакын киши ар кандай жаракат алды. Окуя болгон учурда поездде эки миңге жакын киши болгон.

«Капысынан эле бир нерсе катуу жулкуп алды. Биз вагондун төбөсүнө башыбыз менен тийип, андан кийин ал рельстен чыгып кетти. Биз бешинчи вагондо болчубуз. Биз бир нерсе кылып чыгып кеттик, кантип чыкканыбызды билбейм, анткени эшик ачылбай калган. Биз чыккандан кийин эмне болгонун көрдүк. Мени менен бараткан беш киши каякта экенин билбейм», — деп аман калган жургүнчү Равиндра Патактын сөзүн «Вести» телеканалы келтирди.

The New Indian Express маалымат агенттигинин кабарына караганда, кырсык болгон жерге дароо эле жүздөгөн полиция кызматкерлери жана 30дай тез жардам унаасы жетип барды.

Учурда жабыркагандар ооруканаларда жатышат, дарыгерлер алардын көбүнүн абалы катуу экенин айтышууда.

Бийлик кырсыкка себеби темир жол түйүнүндөгү бузук себеп болгонун билдирди.

Транспорт жолдорунун министри Суреш Прабху жабыркагандар дарыланып жаткан ооруканаларга жекшемби күнү кечинде барып келгенин айтты.

«Кырсыктын себептерин жогорку деңгээлде иликтөөгө тапшырма берилди. Андан тышкары, бардык жабыркагандар тезирээк айыгышы үчүн аларга бардык зарыл жардам берилет», — деди ал.

Транспорт жолдорунун мамлекеттик министри Манож Синха да кырсык болгон жерге барганын, адамдарды сыныктардын астынан алып чыгуу иштерин тездетүүнү аткаминерлерге тапшырганын айтты.

«Окуянын себептери иликтенет, кырсыкка жооптуу кишилерге карата катуу чара көрүлөт», — деди ал.

Поезддин рельстен чыгып кетишинин себептери дагы эле аныкталып жатса да, Синха окуя темир жол түйүнүнүн айынан болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Бийлик курман болгондордун жана жарадарлардын туугандарына акчалай компенсация төлөп берээрин да билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кан тапшырууга үндөп жатат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жүргүнчү ташыган поезддин кыйрашынын айынан көп кишилер курман болгондугуна байланыштуу Индиянын президенти Пранабу Мукержиге көңүл айтты.

Сүрөт: НТВ телеканалы