Кыргызстандык эки кыз-келин ВВС версиясы боюнча эң шыктандыруучу 100 аял затынын тизмесине кирди

Британ уктуруу корпорациясы дүйнө жүзүндөгү эң шыктандыруучу жүз аял затынын тизмесин жарыялады. 100 мыкты аялдын тизмесине кыргызстандык Асел Садырова жана Нагира Сарбашова кирди.

Кыргызстандын дзюдо боюнча үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова жана Экинчи көчмөндөр оюндарынын байге ээси Асел Садырова дүйнө жүзүндөгү эң шыктандырган жана таасирдүү аялдар тууралуу ВВСнин жылдык долбооруна киришти.

Асел Садырова күйөөсү каза тапкандан кийин жаа тарта баштаган. Сүрөт: Акипресс

Асел Садырова — аялдар арасында Экинчи көчмөндөр оюндарынын жөө жаа тартуу боюнча коло медалынын ээси, ал күйөөсү каза тапкандан кийин төрт жыл мурун салттуу жаа атуу менен машыга баштаган. Асел өзүндө мелдешке чыгыш үчүн жетиштүү күч жана жөндөм бар экенин түшүндү.

«Мен аялмын, энемин. Мен жумшак жана басмырт болушум керек деп ойлочумун. Бирок азыр мен өзүмдү чечкиндүү жана чыйрак сезем», — деген ал BBCге.

Надира Сарбашова. Сүрөт: Эмилбек Чекиров

Нагира Сарбашова — дзюдо боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана белбоо менен күрөш боюнча дүйнө чемпиону. Ал да Экинчи көчмөндөр оюндарына катышып, өз багытында күмүш медаль утуп алган.

«Мен мелдешке чыкканда өзүмдү спортчу сезип, ургаачы экенимди унутуп калам», — деген Сарбашова BBCге.

«Дүйнөнүн 100 таасирдүү жана шыктандыруучу аял заттары» долбоору 2013-жылдн октябрында башталган. Ал XXI кылымдагы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү аялдардын ролун карайт.

Долбоор билим берүү, саламаттык сактоо, эмгекке бирдей акы төлөө, үй-бүлөдөгү зомбулук, жыныстык зомбулук жана башка маанилүү темаларды камтыйт.