Пара тооруган милиция кызматкери тартылган «видеонун сапаты начар болгондуктан» ал изделбейт

Кайгуул милициясынын кызматкери 100 сом пара тооруп жаткан жеринен видеого тартылып калган. Милиция ал кызматкердин бети видеодон көрүнбөгөндүктөн табылбай жатканын билдирди.

Кайгуул милициясынын кызматкери бир эркек кишиден акча алып жатканы тууралуу кыскача видео 22-ноябрда эртең менен «Фейсбук» коомдук түйүнүнүн «Антикоррупция KG» тобунун баракчасында чыккан.

Видеодо милициянын прапорщиги бир эркек кишиден 100 сом алып, андан кийин колун чөнтөккө салып, камераны алып коюуну талап кылып жатканы тартылган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге ал иштеген мекеме видеого тартылган кызматкерди издебей тургандыгын, анткени анын бети көрүнбөгөнүн айтты.

«Биз видеону көрүп чыктык жана прапорщиктин кийимине караганда ал эчак эле, биздин мекеме кайгуул милициясы болуп өзгөртүлгөнгө чейин тартылганын айта алабыз. Эгерде видеодо пара алып жаткан кишинин бети так тартылган болсо, биз кызматтык иликтөө баштайт элек», — деди ал.

Бугубаевдин айтымында, «сапаты начар» видеодогу бети көрүнбөгөн адамды кантип тапса болоорун ал түшүнө бербейт.

Сүрөт архивдик